Домой Коом Отунбаева Жангарачеваны кызматтан алган министрди сындады

Отунбаева Жангарачеваны кызматтан алган министрди сындады

4

Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сын айтты.

— Социалдык тармактарда салттуу адеп-ахлактын жана баалуулуктардын коргоочулары дуулдашты. Жаш министр териштирип, жыйынтык чыгаруунун ордуна тайсалдап, көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алды. Мырзалар, токтогула! Балким силерде административдик күч бардыр, бирок коомдун жана аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Көргөзмө аялдардын маселесине, аларга карата зомбулукка арналган. Өкмөт, Маданият министрлиги аялдардын көйгөйүн чечүүдө эмне иш аткарды? – деп жазылган Отунбаеванын кайрылуусунда.

Экс-президент искусство ар кандай болорун, кээ чуу жаратарын белгилеп, мындай мисал келтирген.

— Чуулгандуу көргөзмөлөр дүйнө жүзүндө Батышта да, Чыгышта да болгон. Эйфел мунарасы кандай ызы-чууга кабыл болгонун элестеткилечи. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” боюнча Андрей Кончаловскийдин тасмасындагы жылаңач Наталья Аринбасарованы эстеп көргүлө. Өлкө анда да буркан-шаркан түшкөн.

Роза Отунбаева көрүүчү катары феминналеде менталитетке жат, биздин коомчулукта актуалдуу эмес маселелер болгонун белгилеп, мындай көрсөтмөлөрдүн концепциясын алдын ала сүйлөшүп алышы керек деген пикирге кошуларын билдирди.

Булак: Азаттык