Отунбаева блокаданы жана коӊшу автократтын сөзгө келбестигин унутуп калдыбы?

15.10.2017 | Саясат

Без названия (1)

Өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева  “Таза шайлоо” үчүн кыймылынын  пресс–конференциясы учурунда өлкө президенти А.Атамбаевди жана премьер-министр Сапара Исаковду кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу сынга алды.

2010-жылдагы Назарбаевдин Кыргызстанды блокадага алганын эстесек, Отунбаева абдан эле таӊгалычтуу сүйлөп жатат. Анда ал  2 ай бою сүйлөшүп жатып ачтыра албай койгон.

Кийин ЖМКларга берген интервьюсунда Отунбаева ошол учурду өтө оор мезгил катары сүрөттөгөн: «Бизде ал учурда өтө оор болчу. Каза болгондордун үй бүлөлөрүн тынчсыздандыруу үчүн көп күч жумшалды, коопсуздук маселеси курч турду, бакиевчилер ар кандай жолдор менен дүнүйөлөрүн жана акчаларын алып чыгып кетип жатышты. А бул жагынан Казакстан  азык-түлүктү өткөрбөй, экономика кылдын учунда илинип калды”,-деген  ал.

Роза Исаковна ошол блокадада Казакстан Кыргызстандын экономикасын 1 млрд долларга отургузганын билбей коюшу мүмкүн эмес. Жергиликтүү ишкерлер чөйрөсү чек аранын жабылышы менен өздөрү тарткан чыгымдын көлөмүн ушунчага баалаган. Ошондо убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өтүнө бергенден чарчап бүтүшүп, катуу айтууга жана ачык эле коркутууга чейин барышкан.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров пресс-конференцияларынын биринде Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин аракетин катуу сындап, алардын Ысык-Көлдөгү төрт пансионатын улутташтырам деп коркуткан.

Азимбек Бекназаров дипломатиянын тили менен эмес кадимки өзүнүн тили менен мындай деген: “Курманбек Бакиевди алып чыгып кеткенге жардамдашып коюп жатып алды. Убактылуу өкмөттүн биринчи күнүнөн  чек арасын жаап, 40 күндөн бери ачпай жатат. Эки айдан бери биздин 54 машина транзиттик товар менен өтө албай турат. Анын айынан биздин бизнесмендер менен экономикабыз жабыр тартууда. Жамбул облусунан биздин жарандарды чыгарып жиберишкендиктери тууралуу да айтпай кое албайм. Коӊшу мамлекеттин жетекчиси, бир боор элдин атынан бизди колдоп койсо болмок”.

Бекназаров мындан тышкары аткезчиликти мыйзамдаштырган мыйзам долбоорун дагы даярдаган.

Ал эми убактылуу өкмөттүн биринчи орунбасары А.Атамбаев дагы Назарбаевге өзүнүн четтеги каналдары аркылуу таасир этүүгө аракет кылган. Майнап чыкпагандан кийин Түштүк Казакстанга суу берүүнү токтотуп салган.

Отунбаева блокаданын себебин да жакшы билчү. Назарбаев кыргызстандыктарды тынч тагында отурганда санаага салгандыгы,  тирандарды кууп чыгып, эркиндикке умтулгандыктары үчүн жазалагысы келгенин билбей коюптурбу. Бардыгынын эсинде бар, парламентте Р.Отунбаева “биз авторитардык режимдеги мамлекеттер менен курчалганбыз, алар бизди желмогузундай эле көрүп жатат” деген болчу. Андан бери эмне өзгөрүүлөр болуп кетти? Чындап келсе эч нерсе деле болгон жок. Мүмкүн дайыма демократчы катары чыгып жүрүүчү Отунбаевнын өзү өзгөргөндүр.

Ошону менен кырдаал кайта кайталанды. Назарбаев реванш алып, кыргызстандыктардын эркиндикти сүйгөн духун жоготкусу келет. Бирок  абдан кополдук, президентикке талапкерди колдоо, шайлоо ишине кийлигишүү жолу менен. Анысы аз келгенсип Назарбаевдин көзөмөлүндөгү олигархтар акча жагынан жардам берип жатышат.

Абалды карапайым казак калкы абдан жакшы билет. Алар соцтармактарда бизди колдошуп, Назарбаевдин провакациясына алдырбоону суранып жазып жатышат. Назарбаевдин режими менен күрөшүп келаткан оппозиция да ушундай эле ойду айтышууда.

«Казак бийлиги ачык  жана уятсыздык менен Кыргызстандын шайлоо процессине кийлигишүүдө. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасын жаап салды. Назарбаев ушул жол менен Атамбаевдин бетке айткан сөзү үчүн Кыргызстандын шайлоочуларына таасир көрсөткүсү келип жатат. Президентикке  талапкер Бабанов  бул маселени ал гана чече тургандыгын айтканы муну тастыктап турат. Ушуга байланыштуу бул билдирүүнү таратууну өзүмдүн милдетим деп эсептеймин. Кыргыз эли Назарбаевдин  демократиялык жетишкендиктерин жокко чыгаргысы келгенинен чочулап, мафиялык, авторитардык бийликти кайтарып келүү кысымына алдырбайт деп ишенемин”, -деп жазат  Мухтар Аблязов.

Отунбаева, убактылуу мамлекет башчысы болсо дагы, Назарбаевдин тоготпогондой мамиле кылганына, бир талапкерди колдогонуна Атамбаевдин жооп бербей койбой турганын билбей коюшу мүмкүн эмес болчу. Кыргызстандын президенти өлкөнүн көз карандысыздыгын коргошу керек. Атамбаев Назарбаевге барып кол куушуруп, суранууга милдеттүү эмес.

Экинчи жагынан Назарбаевдин чек араны жаап коюшу анын эки жүздүүлүгүн көрсөтөт. Атургай бир адам каза болуп кетти. Кечээ чек арада Казакстандын бир жараны каза болду.

Карап турсаӊ Назарбаев интеграция демиш болгону менен анысы деле кооз сөз. Мындан тышкары Назарбаев Казакстандын ЕАЭБдин алкагындагы өзүнүн милдеттенмелерин да бузуп жатат. Анда бирдиктүү евразиялык мейкиндикте товарларды эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу милдеттери каралган. Эми болсо жеке таарынчына, амбициясына жана корккондукка алдырган Ак ордодогу аксакал ЕАЭБдин принциптерине түкүрүп дагы койгон жок. Эӊ кызыгы буга Москва, Минск жана Ереван үн ката элек.

Айтмакчы, Атамбаев  ЕАЭБдеги кырдаалга байланыштуу Оруэллдин “Мал короосунан”   «Бардык жаныбарлар теӊ укуктуу, бирок айрым жаныбарлар башкаларга салыштырмалуу теӊ укуктуурак” деген жерин мисалга келтирип сынга алган. Муну Назарбаев өзүнүн өкмөтү менен кыргыз товарларын чек арадан өткөрүүгө бут тосо баштаганда айткан болчу.

Кандай болгондо да Назарбаев кабыл алып, колдоого алган талапкерге жан тартып жаткан Отунбаева Атамбаевди сындабай кое алмак эмес. Атамбаевдин бир заматта байып кеткен, коррупцияга аралашкан  убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн катуу сынга алганына байланышкан  башка да себептер бар. Отунбаеваны буга аргасыз кылган башка да себептер болшу мүмкүн. Эске салсак экс-президенттин уулун “Мегаком” компаниясынан ири каражаттарды сыртка чыгарып кеткендиги боюнча айыпташкан. Анда Отунбаеванын уулуна премьер Бабанов койгон, азыр “Мегакомдун” түрмөдө отурган топ-менеджерлери менен бирдикте коррупциялык иштерге аралашты деген күнөө коюлган.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: