Отунбаева,Атамбаевдин күчү менен 1,5 жыл өлкө башкарганын унуткусу келеби?

14.03.2018 | Саясат

             4F54C360-3FE2-4D66-9DDC-BBBB9B3DB626_w1023_r1_s

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин адегенде Убактылуу өкмөттү жетектеп, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон (1,5 жыл) Роза Отунбаева учурда экс-президент А. Атамбаевге жана анын партиясы КСДПга каршы теңтайлаша ала турган саясый күч түзүү максатында жүргөнүн маалымат булактарынын бири жазып чыкты.

«Өлкөнү кыйын кезде башкарып, бир жарым жылдан кийин ордуна Атамбаевди колунан жетелеп келип олтургузуп, бийлигин ага толук өткөрүп берген, саясат айдыңын бошоткон экс-президент Роза Отунбаева кайрадан саясый майданды жандандырууда» деп жазылат анда. Өтө кызык «аныктама», кимдин логикасына мындай ой туура келип атканын түшүнүү кыйын.

Биринчиден, А. Атамбаевди Р. Отунбаева «колунан жетелеп келип, бийликке олтургузган» деп айтуунун өзү өтө одоно айтылган жалган. А. Атамбаевди убагында жалпы эл шайлоо аркылуу мамлекет башына алып келген. Дал ушул шайлоо аркылуу бийликке келүү деген көрүнүш Р. Отунбаева менен А. Атамбаевдин өтө чоң айырмачылыгын көрсөтүп турат. Себеби, Р. Отунбаева бийликке шайлоо аркылуу келген эмес. Ал 2010-жылдагы Конституцияны кабыл алуу боюнча өткөн референдум аркылуу эле, бюллетенде эч кандай аты-жөнү жазылбастан туруп бийликке келип калган.

Ошол убакта премьер-министрлик кызматта турган А. Атамбаевдин таасири, кадыр-баркы Отунбаевага салыштырмалуу алдаканча күчтүүлүк кылганын да танууга болбойт. Р. Отунбаеваны «убактылуу гана отурат да» деген түшүнүк бар болгон үчүн гана көпчүлүк саясатчылар тилин тишине катып отурган. Алтургай Р. Отунбаеваны парламентте А. Келдибеков төрага болуп турган кезинде сүйлөтпөй койгону дагы эсибизде. Анан кантип Роза айымдын колунда толук бийлик бар болгон деп айта алабыз?

Ошол эле убакта А. Атамбаевдин парламентте КСДП партиясынын бакыйган фракциясы отурган. Ал эми Отунбаева таяна турган эч нерсеси жок эле. Анын таянычы дагы ошол убакта Атамбаев болгонун танууга болбойт. 2010-жылдагы апрель революциясынын күрөө тамырын тартып турган лидер дагы А. Атамбаев экенин элдин баары билет. Андыктан Р. Отунбаева А. Атамбаевге бийлигин өткөрүп берген деп айтуу туура эмес. Бийлик бул бир адамдын колундагы менчиги эмес, аны эч ким эч кимге эч качан өткөрүп бере албайт. Бийликке шайлоо жолу аркылуу гана келиши керек. А. Атамбаев дал ошол мыйзамдуу жол менен келген. Ал эми Отунбаеванын бийликке кандайча келип калганын тереңден изилдөө гана керек.

Экинчиден, Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп турганда өлкө үчүн жарытылуу иш жасай алган жок. Тескерисинче июнь коогалаңынын жаралышына себепкер болгону да айтылып келет. Андан сырткары ошол убакта Лондондон элиталык батир сатып алганы да айтылган. Андыктан эми ал А. Бекназаровдун БЭКин (Бириккен Элдик Кыймыл) өзүнө алып, КСДП каршы саясый күч түзөм дегенинен да майнап чыкпайт. Эл эч качан өз көмөчүнө гана күл тарткандарды ээрчибейт эмеспи.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: