Осмонбек АРТЫКБАЕВ, КСДП фракциясы: “Саясый кеңеш курултайга Жээнбековдун гана талапкерлигин алып чыгат”

22.06.2017 | Саясат

     

post-15-1447821951

 

КСДПнын 21-июнда өткөн Саясый кеңешинин отурумунда эки маселе каралды. Бул тууралуу аталган партиянын Саясый кеңешинин мүчөсү,  ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев орус тилдүү маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде билдирди.

  “Биринчи маселе – партиянын төрагасынын жаңы биринчи орун басарын шайлоо болду. Саясый кеңеш бул орунга  Фарид Ниязовду шайлады. Экинчи маселе – партиянын курултайынын мөөнөтүн аныктоого арналган. Биз партиянын курултайын 15-июлда өткөрүү чечимин кабыл алдык. Бул биз үчүн ыңгайлуу”, — деди О.Артыкбаев.

   Анын айтымында, Саясый кеңештин Сооронбай Жээнбековдон бөлөк талапкерди 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого  жылдыруу ниети жок.  “Саясый кеңештин мурдагы отурумунда президенттике Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жылдырганбыз.  Саясый кеңеш эми анын талапкерлигин курултайга алып чыгат, анын талапкерлиги  курултайда бекитилет деп ишенем”, — деп белгиледи Осмонбек Артыкбаев.   


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: