Домой Саясат Оштун мурдагы мэри Кадырбаевдин иниси токмоктолду

Оштун мурдагы мэри Кадырбаевдин иниси токмоктолду

248
«Казак» каймана аты менен белгилүү болгон шектүү буга чейин бир канча ирет уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков ур-токмокко алынып, ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуя 11-январга караган түнү калаанын Түштүк-Чыгыш кичи районунда болгон.

«Милицияга ыкчам маалымат түшөрү менен окуя болгон жерге уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Жабырлануучу учурда облустук ооруканада дарыланып жатат. Аны сабоого кылмыштуу топтун «Казак» каймана аты менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталып жатат», — деди Сыдыков.

«Казак» аттуу шектүү буга чейин бир канча ирет уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган.

Ага чейин Оштогу кафелердин биринде 23 жаштагы жигитке бычак саюуга шектелип кармалган.

Булак: Спутник