Домой Саясат Жалал-Абад шаарынын мэри кыз талашып соттолуп кеткендеги окуя

Жалал-Абад шаарынын мэри кыз талашып соттолуп кеткендеги окуя

85

Жалал-Абад шаарынын мэри калп айтып атабы же Бишкек шаардык сотунун 2004-жылдагы өкүмүндө калп жазылганбы?

М. Тагаев бирөөнү сабап, соттолуп кеткендеги окуя башкача болгон. Ал кафеге аялым менен барып, аялыма тийишти, кызганып мушташтым дейт. Өкүмдө «Калнура» деген кыз мене таанышып, аны талашып мушташканы жазылып турат. Анан да кызматка койгон тууганы Тагаев Абдималик АБДЫКААРОВИЧти биротоло жат кылып салыптыр.

Экөө тең АБДЫКАРОВИЧтер болсо, бир атага жазылып турушса…

Туура, М. Тагаевдин бир тууганы Абибилла Тагаев менен Президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков канкудалар, демек тагаевдер менен жээнбековдор кудалар экени Кудай алдында жалганбы? Тууганды тууган, куданы куда эле деп жүрө бербейлиби?

Неге сактанат, неге ары түртөт? Неге танат? М. Тагаев тууралуу айтыла турган кептер дагы көбөйө турган болду.

Журналист Жалил Сапаровдун ачуу чындыгы…

Булак: “Кабар Инфо”