Домой Саясат Ошто Жалил Атамбаевге берилген батирлер мэрияга кайтарылат

Ошто Жалил Атамбаевге берилген батирлер мэрияга кайтарылат

29

Ишкер Жалил Атамбаевге сегиз жыл мурда берилген батирлер кайра Ош шаарынын мэриясына кайтарылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын юристи Канышай Нарынбаева кабарлады:

— 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Жалил Атамбаевдин чала күйгөн бир үйүнүн ордуна үй бөлүштүрүү комиссиясы 4 батир берген эле. Ал окуя маалымат каражаттарына чыгып кетип, коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Кийинчерээк июнь окуясынан жабыркагандарга бөлүнгөн үйлөр боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Төрт жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин Жогорку сот Жалил Атамбаевдин бир үйүнүн ордуна берилген 4 батирдин баарын Ош мэриясына кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда мэрия ишкер Атамбаевге берилген батирлерде жашап аткандарды чыгаруу боюнча соттук жараяндын экинчи этабын баштады. Батирлерде мыйзамсыз жашап аткандарды чыгаруу соттун чечими чыккандан кийин ишке ашмакчы.

2010-жылкы кандуу окуяда ишкер Жалил Атамбаевдин Ош кичирайонундагы өзүнө таандык «Каныкей» ресторанынын артында жайгашкан анча чоң эмес үйү өрттөнүп кеткен. «Азаттык» радиосу Атамбаев кийин бул жактагы жер тилкесин арткы дата менен кайра каттоодон өткөрүп, өзүнө, жакындары Төлөгөн Токтобаевге, Төрөжан Бакалбаевге жана Айнура Тургунбаевага төрт бөлүп каттатканын аныктаган. Мунун арты менен ишкер жабырлануучу катары мамлекеттен төрт батир алган.

Ошто эң ири ишкер катары таанымал, ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси, Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын мурдагы башчысы Жалил Атамбаевге батирлер мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 22-июнь күнү өткөн отурумунда берилген.