Ошол мыктылар менен дос болгондо эмне…

10.08.2017 | Маданият

655245

Жаш өткөн сайын адам баласы ар нерсени шашпай, ой токтотуп талдаганга аракет кылат көрүнөт. Ошондо убагында жасай албай, аткарылбай калган жакшы иштердин жоон тобу алдыңан чыгып аттиңди арбын айттырат экен. Кийинки күндөрү мен бир нерсеге капа болуп жүрөм: кыргыздын мыкты жигиттери, чыгаан инсандары менен жүрбөй, достошпой далай жакшылыктардан куру калыпмын да… Советбек Жумадылов, Турар Кожомбердиев, Качкынбай Осмоналиев,  Орозбек Кутманалиев, Болот Бейшеналиев сыяктуу кыргызымдын сыймыгына жаралган инсандар менен тааныш болгонум менен аларды жакын кылып, ини-дос болуп, сырдашып турбапмын. Ооба, алар менен теңата мамиледе жүрбөгөнүм менен аракет кылсам, сыйлап, урматтап турсам, жакын адамдарынын бири болмокмун. Анткени, мен бул адамдарды таанычымын, жакшы саламыбыз боло турган, бирөө менен жакыныраак, а бирөөсүнөн алысыраак элем. Кандай болгон күндө да алар менен жылуу мамиленин илеби уруп турчу…

iСоветбек байкени аны тааный электе аябай жаман көрөр элем, анткени, анын ролдору бу кишини айбан сымал,таш боор,  жакшылыгы жок адам катары көрсөтчү да. Анан кийин таанышып калып, чочулай жасаган мамилем биринчи сүйлөшкөндө эле жөө туман болуп тарап кетти. Анткени, Советбек байке эң таза, боорукер, кичипейил, берешен, сөз кыскасы мыкты деп сыпаттачы сапаттарга эгедер адам экен. Анын аялы Сагын Ниязалиева теледе режиссер, өз ишин мыкты билчү. Түгөлбай Казаков телеге жетекчи болуп келгенден кийин мени адабий-драмалык реакцияга башкы редактор кылып койду, кебетеси ишти оңдойт деди окшойт. Мен Түгөлбайдын ишенимин деле аткара алган жокмун, иши кылып үч-төрт жыл башкы редактор болуп жүрдүм. Ошол күндөрдүн биринде, базар күн эле, үйдө жатсам көчөдөн «Баратбай» деп бирөө кыйкырып турат. Чыксам, үйдън тушунда Советбек байке менен Сагын эже экен. Үйгө киргиле дейм, алар болбойт. Үйдү эже чала-була билчү экен, кээде түн ортосунда кеч бүткөн иштерден кийин дежурный автобус менен ар кимди жеткиргенде көрүп калган го… Алардын келгени, көл жакка барышат экен, эки-үч күнгө, ошого Сагын эже суранып келиптир. «Ой, кокуй, о-ой, суранбай эле барып келбейт белеңер» десем, Советбек байке «суранбай да кетчү беле» дейт. Ушундай жөнөкөй болчу а киши. Эми анын талантынын сүрөтүн тартыш оңой эместир, дегеле болбостур деп калам, чоң талант деп гана айтууга жарап берем… Советбек байке менен Сагын эже бир ирет мени ээрчитип алышты «Түкөмө тамак берип келели» деп. Түкөсү — Түгөлбай Сыдыкбеков. А кезде чыгаан жазуучубуз колу калтырап ооруп жүргөн кези болчу. Сагын эже бир козунун жарым этин бышырып, кесмесин сорпосу менен, дагы нан-пан алып алышыптыр. Биз барганда Түкөбүз уулу менен бак ичиндеги сөрүдө олтурган экен. Учурашкандан кийин эле Сагын эже тамагын камдап жиберди, муздап калбасын деп. Анан Түкөмдүн уулу туураган эт салынган тарелканы алып, адегенде Түкөмдүн көкүрөгүнө майлык тагып, эттен жедире баштады, сорподон да ууртатып жатат, кези менен атасынын оозун аарчып коет. Бул улуу жазуучунун ырысы куюлгун уулу политехникалык институтта проректер экен, «атамды карайм» деп иштен бошонуп алыптыр. Эне баласына быламык жедиргенсип атасына жедирип жатат. Бул сүрөттү көрүп көздөн жаш аларың бар экен!. Мындай уулдарга кудай баарын берет болуш керек… Ошондо сүйлөшүп көпкө олтурушту, мен угуучу… Ошондон соң бат эле Сагын эже каза болуп калды. Советбек байке менен кийин көп жолугушпай калдык, аттиң!

31701466416605_big 1982-жылдары «Мектеп» басмасында иштеп калдым. Ошондо Турар Кожомбердиев кез-кези келип, басманын редакторлору менен маектешип  анан кетчү. Мен дагы чыгаан акын менен таанышып алдым. Бир-эки ирет ал атайын мага көңүл бөлүп сүйлөшкөн болду. Угуп жүрөбүз да ал бокска катышкан экен, анан денесининин алптыгына кошулуп, имиштери менен тааныган адамдарга өтө эле коркунучтуу көрүнчү. Анын момундай «санжыралары» бар болчу. Мисалы: «Турар пивоканага барып кезекте турган орустарды бир колу менен шыпыра түртүп салат экен, ошондо бир дагы орусуң кой дегенге жарабай титиреп турат экен» деген. А кезде орустарыщ бизди каалаган жерден кем кылып койчу да…   Сырткы көрүнүш көбүнчө

жалган болот тура, кийин билдим, Турар байкенин ошол алп көрүнүшү толо эле ыйман экен, боорукердик экен, адамдык экен… анан да поэзиянын асылбаа саптары толтура тура! Мына ошол алп менен достошуп алсам эмне… Чоң нерседен куру калыпмын да көңүл тое эскерип турчу…

Качкынбай Осмоналиев   менен биртоп жыл тааныш болуп калдым, мамилебиз деле дурус эле. Бирок, ушул кара сөздүн алпы менен бардык сырды айтышкан иниси боло албапмын, аны кайдан ойломокмун. Сырдаш иниңиз болоюн деп жанына шынаарласам, кой демек эмес…

11Бир ирет, кеч күз болсо керек,  Качыкенин чыгармачылыгы боюнча чакан көрсөтүү тартып үйүнө бардым. Маектешип, чайдан шашпай ичип, анан тамакты күтүп калган кезде Качыке мени балконуна ээчитип барып көрсөтүп жатпайбы. Балкондун жери толо эт экен, чучуктары дааналанат,  жайылуу. «Көрдүңбү Баратбай, кышында агаң этсиз тура албайт, бул түгөнсө дагынкысы дагы болот» деп мактанып жибергендей болду. Кетип баратып ошону ойлосом, ал мактанбаптыр, кыргыздык баео сезими менен мени жакынсынтып айткан кеби тура… Дагы бир жолу биздикине бардык. Ал кезде Аламүдүн базарына жакын Муса Жалил деген көчөдөгү жарым үйдө турчумун. Кенедей бөлмөлөр. Ошонун ортоңкусуна олтуруп алып, килейген кара бөтөлкөлөрдөгү  винону ичип жатабыз, келинчегим колунда болгон тамагын берип жатат. Бир убакта Качыке: «Ай Баратбай, кичине ырдап олтурбайлыбы» деп ордунан туруп, эки колун оозуна рупор кылып, кайсы бир обонду созуп жатпайбы. Үнү жакшы экен, суранып дагы бирди ырдаттым… Баарын сүйлөшүп, көңүлдүү олтурдук, кыргыздын баскан жолун, тиги-мунусун мыкты билген Качыкемдин кеби бүтпөсө экен деп келинчегим экөөбүз тең тилеп турбадыкпы…  Качыке ошону менен экинчи менин үйүмө келген жок, ал да барайын дебеди, мен дагы чакырбадым… Чакырып чай бере жүрсөм болмок экен, далай кебин укпай калыпмын да…  Качыке адамдын мыктысы эле, сөзмөр эле, куудул эле,  анысына жараша кыргызы жөнүндө аябай көп билчү. Ошол мыкты абам менен камыр-жумур болуп жүрсөм деле болмок, өзүмдөн кетиптир…

655245   Орозбек Кутманалиев менен телерадиодо бирге иштешип калдык. Азга жакындашып да жүрдүк. Эми ал кишини баладан карыга чейин, биринчи иретте, «Ак кемедеги» Орозкул катары билет. Ошол тукумсуз, ага жараша ташбоор, кайнатасын да аяп койбогон канкор неме далай адамдын жек көрүүсүнө ээ эмес беле. Анан Орозкулдун чапанын чечип, кадимки Орозбек бологондо ал кишидей алтын киши жок эле да. Аккөңүл, тамашакөй, көп нерсе билген, төкмө да, актер да, профессионал акын да,  радиокызматкер да, аксакалдар сотунун төрагасы да, көп балалуу ата да, аксакал карыялардын эталону да болчу. Оо, анын оозунан нечен бир кызыктуу, күлкүлүү окуяларды укпадыкпы. Баратбай деп жакшы көрчү. Ошондо аны ага-дос кылып албаганым үчүн чоң күнөө менде. Эгерде дос деңгээлине жетсем, анын далай кызыктуу аңгемелерин, күлкүлүү окуяларын айтып, жазып жүрбөйт белем. Ушул мага чоң арман!

567926 Болот Бейшеналиев менен бет келе сүйлөшкөнүм анын өлөрүнө жакын эки-үч жыл мурун эле болду го. Мурун го кинолорунан жакшы билчү элем. Ал катышкан кыргыздын да, орустун да көп кинолорун эл катары көргөм. Ал жөнүндө жазылган макалардын бир канчасын да окугам. Анан бир күнү телевидениеден жолуктук, башкалар да бар, ар нерсени сүйлөштүк. Мени тааныгансып калды. Ошондон кийин экөөбүз теледен дагы жолугушуп, анан Ош базарындагы  бир кафеде олтуруп сүйлөштүк, албетте, жүздөштүк. Ошондо мага кол жеткис жерде жашачудай болуп келген Болот байкем, далай жыл кошуна жашаган, жашаганда да жакшы мамиледе жашаган, өтө жөнөкөй, арамдыктан куру, жан бирге адам болуп чыга келди. Ошондон соң аны менен таанышканым мен үчүн бир чоң жеңиш болуп турду да. Мурун эле жолугуп дос кылууга аракет кылсам менден жүзүн бурмак эмес экен, аттиң. Анан ал киши бат эле келбес жакка кетип берди, сыйпалап жок издеп калдык. Не айла?! Баса, анын уулу жакшы актер болуп жүрөт, ошого кудай берсин!

Ошентип, жогорудагы мыктылар менен дос болуу мага буюрган эмес. Антсе да алар менен тааныш болуп, аз болсо да кеп-сөзүн угуп, мүнөздөрүнө сарэсеп салып, адамдыгына ичимден баа берип калганыма ыраазымын… Жогорудагы мыктылардын баары дагы бир он-он беш жылын кем жашап кете беришкен!  Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!

Баратбай Аракеев

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: