Орустар биздин жаш саясатчыларга көз арта баштадыбы?

08.08.2016 | Саясат

Акыркы эки ай дымы чыкпай калган Жениш Молдокматов жөн отурбай келерки шайлоолорго, чоң саясий окуяларга катуу даярданып жаткан экен.

Жениш МолдокматовӨздүк булактардан алган маалымат боюнча, Молдокматовду Москвага чакырып, кече эртең менен учуп кетиптир. Ал жактан бир топ саясатчылар менен кезигип, колдоого ээ болду деп угуп жатабыз. Жакынкы боло турган саясий окуяларда күчтүү колдоо менен келет деген сөз бар.
Демек, биз Кыргызстанда жакынкы аралыкта жаңы саясий күчтү күтүп алсак болчудай. Себеби Молдокматов өлкөдө күчтүү команда түзүп, партия дагы ачууга белсениптир. Жакынкы күндөрү саясий аренада көзүбүз көнүп калган эскилердин тобун жарып жаңы, күчтүү, Москванын колдоосуна ээ болгон партия чыгып калышы толук мумкун.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: