Домой Маек Орозбек Дүйшеев: Жакынын коргоп митингге чыгуу адат болуп калган

Орозбек Дүйшеев: Жакынын коргоп митингге чыгуу адат болуп калган

0

Орозбек Дүйшеев— Орозбек мырза, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун суракка чакырылышына каршы 24-февралда УКМК алдында митинг өттү. Буга сиздин пикир кандай?

— Кыргызстанда мыйзамсыз көрүнүштөр уюп калып, андан азыркы күнгө чейин арылбай келебиз. Эми кайсы бир саясатчыга кылмыш ишин козгогондо анын жакындарынын митингге чыкканы бизге адат болуп калды. А.Акаев, К.Бакиев мезгилинде деле мындай көрүнүштөр кайталанган болчу. Андыктан бул бизге жат эмес.

— Мыйзамды билген депутаттын минтип митинг уюштурганы акылга сыябы?

— Митинг менен эч бир маселе жакшы жагына чечилбейт. Баары мыйзам чегинде болсо. Ал эми А.Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча укук коргоо органдары баасын берсин.