Оппозиция таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар эмеспи?

22.02.2017 | Коом

Ушул жуманын башында, дүйшөмбү күнү оппозиция өкүлдөрү чогулуп жыйын өткөрүшкөнү маалым болду. Ага Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бегалы Наргозуев, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Чолпон Жакупова, Өмүрбек  Текебаев, Марат Иманкулов, Өмүрбек Суваналиев өңдүү 20дан ашуун оппозициячылдар катышты. Негизги койгон темасы: “2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо” болуптур.

Шайлоо алдында

Биринчиден, бүгүнкү күндөгү бийлик бул багытта бекем принциптеги иш-аракеттерди жасап жатканына бир нече жыл болуп калды. Тактап айтсак, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен күндөн тарта эле шайлоолорду таза жана акыйкат өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, аны жүзөгө ашыруу максатында жигердүү аракеттерди жасап келет. “Чү” дегенде эле мурдагы бийликтердин учурундагыдай административдик ресурстарды колдонуу аркылуу бийлик өзүнүн көздөгөн максатына жетүү ыкмасынан баш тартты. Анын натыйжасында бийликтин партиясы деп эсептелген КСДП менен башка эле жаңыдан чыккан партиялар да шайлоонун жыйынтыктары боюнча үзөңгүлөш келе баштады.

Экинчиден, бир эле адамдын бир нече шайлоочунун ордуна добуш берип келген өнөкөтүн токтотуу максатында биометрикалык маалыматтар аркылуу добуш берүү системасы киргизилди. Бюллетендерди дүңүнөн урнага салып жиберүү өнөкөтүнө чекит коюу максатында автоматташтырылган урналар ишке кирди.

Бийликтин мына ушундай аракеттеринен кийин шайлоолор ачык жана акыйкат өтө баштаганы маалым. Ким, кайсыл партия канча добуш алса, ошого жараша гана жыйынтык чыгарылат. Эч бир адам шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт. Тилекке каршы мындай жаңы система шайлоолордон тиешелүү добуштарды топтой албай, жеңишке жетпей калган саясый партиялардын мүчөлөрүнө таптакыр жакпай калыптыр. Алар 13-февралдагы оппозициячылдардын жыйынында автоматташтырылган добуштарды саноо системасынан баш тартуу керек деп чыгышты.

Мындан улам суроо жаралат, бул оппозициячылдар үчүн таза шайлоо керекпи, же тескерисинче бурмалоого мүмкүн боло турган шайлоо системасы керекпи? Же өздөрүнүн эл ичиндеги кадыр-баркы төмөн экендигин түшүнүп, добуштарды сатып алуу, карусель ыкмаларын колдонуу аркылуу алдыдагы шайлоолордо жеңишке жеткилери келип турабы?

Жекшенбек Абдысатаров


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: