Онтогон тил, мактанган маданият

16.04.2016 | Эне тил

Кыргыз тилиБыйылкы жыл мамлекеттик деңгээлде маданият жана тарыхтын жылы болуп калганы кубандырат. Мурда бийликке үнүбүз жетпейт деп жүргөн жоон топ акын-жазуучулар президентке кеңешчи болуп катар олтурушат. Бул кубанычтуу иш-чара көп жаңы, жакшы нерселерди алып келет деген үмүт бар. Ошонун ичинен эң негизгиси — тил маселеси. Азыркыга чейин тилге болгон иштер эч натыйжасын бербей келет. Жогорку Кеңеш, башкаруу бийлиги эл дайым уккан чоң-чоң жыйындарды орусча эле жүргүзүп жатышат. Кыргыз тилинде натыйжасы көрүнгөн иш болгон жок. Бардык коомдук жайларда кыргыз тили экинчи катарда турганын ар бирибиз көрүп эле жүрөбүз. Өнүкмөк түгүл, сүрүлүп көпчүлүк жаш балдар- кыздар жийиркеничтүү карап мамиле кыларына күбө болуп ичибизден сызып жүрөбүз. Биздин мен-мен деген кыргыздын балдары качан буга алгылыктуу чара көрөт? Ушул учурда маданияттын кайсыл маселесин козгобосун, тилге барып такалат. Ал эми тилдин наркы канча түштү, көзгө саюунун деле кажети жок. Мамлекетте бир тил болуш керек.

Кыргыз тилинин деңгээлин казак тилинин деңгээлиндеги бийиктикке көтөрүп, тилди сыйлабагандарды жоопко тартууга чейин барып, котормочулукту колго алыш керек. Котормочулардын көп уюмдарын түзүп бардык балдардын жабышып көргөн мултьфильмдерин, көркөм даректүү тасмаларды кыргызча которуу зарыл иш. Азыр бир жарым жашка чыккан баланы мугалим, тарбиячы, ал эмес ата-энеси дагы ушул укмуштуу мултьфильмдер үйрөткөндөй тилге үйрөтө албайт. Орус тилин кыргыздын балдары кантип үйрөнүп алышканын байкасак. Орус тилин биздин балдар мултьфильм менен боевиктерден, дагы толуп жаткан россиялык, америкалык гангстерлер катышкан кинолор, интернет аркылуу акыл-эсине киргизип жатпайбы. Анан кайдагы биздин маданиятты балдар кабыл алат? Ырас, Атамбаевдин көтөргөн бул иш аракети мактоого татырлык. Бирок, тил маселесин өз нугуна коймоюнча бул иш-чара дагы көргөзмө болуп калбаса болду. Тарыхты аздектесек, эң оболу тил маселеси ордуна коюлса. Маданияттуу болгубуз келсе кыргызча сүйлөөгө үйрөнсөк, билбеген көп адамдарды үйрөтсөк. Балдарыбызды кыргызча сүйлөөгө үйрөтө албай туруп маданиятыбыз көтөрүлүп кетти десек жарашпас.

Көчөлөрдө, мекемелерде, бардык коомдук жайларда кыргыздардын бири-бири менен сүйлөшкөн сөздөрү сиздерди түйшөлтпөйбү? Кайсы каналды кайсы убакта койбо, бардык жыйындар орусча.

Тил өөрчүбөй эле күндөн күнгө өчүп баратат. Өткөндө теледен бир билги кыргыз тили кыргыздын эн белгиси деп салды. Тил — элдин жаны жана жүрүп турган каны.

 

Биз кыргызбыз

Сен кыргызсың, мен да кыргыз баласы,
Сен сүйөсүң, мен да сүйөм атамды.
Сүйүп бирок, сүйлөбөгөн тилинде,
Сүйөөр бекен жараткан бул катаны.

Мен кыргызмын, сен да кыргыз баласы,
Мекен тилин кыргыз канча сактады.
Ме деп бизге эркиндикти бергенде,
Манас тили баркка жетпей калабы?

Биз кыргызбыз, биз кыргыздын баласы,
Ким аркалайт болсо элиңдин талабы.
Эне тилин эс-акылдуу жериген,
Эмне бизди кудай уруп барабы?

Майрамбек САПАРБЕКОВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: