Домой Коом Он гүлүнүн бири ачыла элек студентке баңгизатын атайылап таштап, тагдырына балта чабуу...

Он гүлүнүн бири ачыла элек студентке баңгизатын атайылап таштап, тагдырына балта чабуу аракети болууда

12
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда ИИМ Академиясынын 19 жаштагы студенти Даниел Азимовдун иши каралууда. Ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү былтыр апрелде баңгизатын атайылап ташташкан.

Ишти сот Абдуллаев Б. А. карап жатат.

Сотто студентти кармоо учурунда болгон баш аламандык орун алууда. Себеби, сот УКМКнын өкүлдөрүнүн бир-бирине дал келбеген көрсөтмөлөрүнө көңүл бурбай жатат.

Сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу студенттин күнөөсүн далилдегенге аракет дагы кылышкан жок. Ошол эле маалда сот дагы ишти кароо учурундагы дал келбөөчүлүккө көз жумуп, айыпталуучунун укуктарын бузуп жатат.

Сот учурунда ойго келбеген, акылга сыйбаган окуялар болуп кетүүдө. Себеби соттун жүрүм-турумун көргөн киши ал ишти карабай эле эптеп жабууга аракет кылып жатканын туят. Жактоочулардын келтирген өтүнүчтөрү канааттандырылбай жатат.

Сотпу, же эмне?

Сот жыйын учурунда укук коргоо органдары өздөрү эле атайылап салып койгон баңгизатын далил катары көрсөтүүнү керек эмес деп жатат. Бул поцессуалдык норманын бузулушу да. Мыйзам боюнча сот иштин бардык жагдайын карап чыгышы кажет. Биринчи кезекте далил буюмдар, нерселер көрсөтүлүшү керек. Же тергөө маалында далил нерселер жоголуп кеткенби? Балким иштин баары ошондо болуп жүрбөсүн?

Студентти кармоо учурунда калыс күбөлөр (понятой) болгон эмес, башкача айтканда калыс күбө жок эле өздөрү баңгизатын салып коюп кармашкан. Тергөө калыс күбө болбогонунун себебин кармоо учуру толугу менен видеого тартылган деп жүйө келтирүүдө. Дал ошол видео жазуунун негизинде жигитке айып тагылган.

Бирок ишти караган сот ошол видеону көрбөгөнү көп суроо жаратат. Жактоочулардын бул боюнча берген өтүнүчү ар кандай шылтоо менен канааттандырылбай келет.

Сот эмне себептен мындай мамиле кылышы ыктымал? Балким видеодо жигиттин күнөөсүн далилдеген факты жоктур, же видео бөлүнүп-бөлүнүп тартылганбы? Эгер андай болсо бир жыл жөн эле камакта отурган жигитти коё берүү керектир…

Адилеттүүлүк кайда?

Сот менен укук коргоо органдары он гүлүнүн бири ачыла элек жигиттин тагдыры менен ойноп жатканда анын ата-энеси адилеттүүлүк издеп барбаган жери калган жок.

Былтыр жайында жигиттин атасы Нурбек Азимов президент Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылган. Себеби Жээнбеков ажо болор алдында Конституцияны кармап ант берип, ар бир жарандын укугун мыйзамсыз аракеттерден коргой турганын айткан.

Балким ак жеринен садага чабылып кеткен жигиттин атасынын кайрылуусу президентке жеткен эмес? Же президентке жетип, ал укук коргоо жана сот системасы канчалык сазга батып калганын түшүнбөй жатабы?

Жаш жигиттин башына келген бул окуя абдан олуттуу жана көйгөйлүү маселени көрсөтүп турат. Анткени бул прецедент жана турган мыйзамсыздык. Ушул баланын тагдыры кимдир бирөөнүн сүйүктүү баласынын, небересинин башына келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Баланын атасы президенттен сот адилеттүү чечим кабыл алышын жалбарып суранат. 19 жаштагы жигит эч кандай кылмыштарга катыштыгы жок, буга чейин эч кандай мыйзам бузган эмес жана окуусунда үлгүлүү студент.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 20-апрелде ИИМ Академиясынын студенти Даниел Азимовду баңгизатын сактаган жана сатууну пландаган деген айып менен кармашкан. Аны кармоо учурунда жанында досу болгон. Досу сотто берген көрсөтмөсүндө УКМКнын кызматкерлери Даниелди жерге басып алып чөнтөгүнө баңгизатын салууга аракет кылганын айткан. Баңизаты чөнтөгүнө батпагандыктан күчкө салып курткасынын чөнтөгүн айрып, жерде жаткан баланын алдына баңгизатын коюшкан.

Аны жерге бир нече саат басып жатышып, бул учурда башка-көзгө койгулашкан. УКМКнын кызматкерлери мындай жоругу менен мыйзамды бузуп, студентти кыйнаганы айдан ачык көрүнүп турат.

Нурбек Азимов укук коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кармоо үчүн аны жумуш беребиз деп алдап, Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) 12-кичи району жактагы киши жок аймакка алдап азгырып барышкан.

Уулу кармалгандан кийин Нурбек Азимов Нарындан келип, иш менен таанышууга аракет кылганы менен ага материалдарды берген эмес. Ал УКМКдагы тааныштары менен сүйлөшкөндө уулун куткарып алуу үчүн көп суммадагы долларды даярдап коюусун талап кылышкан. Анын мынча акчасы жок экенин айтканда, жылкыларын, шаардагы жер тилкесин, соода кылган павильонун сатып, жетпей калган сумманы туугандарыңан сура деп айтышкан. Андан сырткары байлыкты тапса болорун, баланы табууга болбой турганын билдиришкен.

Соттун кийинки отуруму 21-февралга пландалган. «Барометр» агенттиги окуянын өнүгүшүнө көз салып турат.

Булак: barometr.kg