Өмүрбек Бабанов шайлоо мыйзамын неге бузууда?

28.08.2017 | Саясат

4977B823-92EB-4755-BDF5-DCD7A394FC3D_w1023_r1_s

Өзүнүн килейген партиясы бар туруп, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого аттанган Өмүрбек Бабановдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына кезектеги даттануу келип түштү. Бул тууралуу БШК билдирет.

Тактап айтсак, Сокулук районунун Манас айылынын жашоочусу Ө. Бабановдун үстүнөн даттанып аталган комиссияга кайрылган. Ал жарандын айтымына караганда Манас айылындагы автоунаа жуучу жайлардын биринде Ө. Бабановдун аты-жөнү бадырайта жазылган жарнак илинип турат. Бирок, ал райондо, ошол эле убакта автоунаа жуучу жайдын имаратында талапкердин шайлоо алдындагы штабы да, коомдук кабылдамасы да жок. Демек, андай болгондон кийин Ө. Бабановдун аты-жөнү бадырайта жазылып илинип турган көрнөк – бул шайлоо мыйзамын бузуу болуп саналат. Себеби, азырынча шайлоого карата үгүт иштери баштала элек. Буга байланыштуу Манас айылынын жашоочулары Ө. Бабановго карата БШК жазуу жүзүндө эскертүү беришин талап кылууда.

Буга чейин «Республика-Ата-Журттун» лидеринин үстүнөн анын атаандаштары Турсунбек Акун жана Бакыт Керимбеков, жарандык активист Мелис Аспековдор даттанышкан болчу. Бирок, алардын даттанууларын Бабанов кулак сыртынан кетирип жаткандай. Шайлоо мыйзамдарын бузуу менен болсо да жеңишке жетишем деген ойдо болуп аткан Өмүрбек мырзанын тизгинин тартып койчу бирөө барбы?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: