ӨКМӨТ БАШЧЫ ТАРЫХ ЭСТЕЛИКТЕРИН ЖАНДАНТАТ

     SAB_0698

Өкмөт башчысы С.Жээнбеков өлкө чөлкөмүндөгү тарыхый-маданий эстеликтерди калыптандыруу жана өнүктүрүү иштерин көзөмөлгө алды. 2016-жылдан тартып тарыхый эстеликтерди сактап калуу боюнча мамлекеттик деңгээлде ыкчам иш-аракеттер жасалып жатат.

Көз жаздымда калган эстеликтер

Кыргызстанда көп кылымдык тарыхтын көз ирмемдерин ичине камтыган 2000ге жакын тарыхый археологиялык жана архитектуралык эстеликтер бар. 1990-жылдардан тарта эстеликтерди кароо, аларды коргоо иштери солгундап, көпчүлүгү элибиздин кайдыгерлигинен жана көбүнесе каражаттын жоктугунан көз жаздымда калып келди. Ал эмес, археологиялык казууларда табылган антиквардык далай буюмдар чет өлкөлөргө сатылып кеткен учурлар көп болду. Мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу үчүн президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ыкчам иш-аракеттерге билек түрдү.

Иш ордунан жылды

Өткөн жылды өлкө башчысы А.Атамбаев “2016-жыл — Тарых жана маданият жылы” деп жарыялады. Анда тарыхый-маданий мурастын объекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү; Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларын ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу чаралар катары улуттук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтерди реставрациялоо, аларды мектепте билим берүүнүн мекен таануу компонентине киргизүү, ички туризмдин маршруттарын өнүктүрүү сыяктуу маселелер каралган.

Бул жарлыктын алкагында, Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу иш-аракеттери жүрүп, азыркы улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча тарыхый мурастарды, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди коргоо жана жаңылоо туурасында долбоорлор ишке ашырыла баштады.

Алардан мисал келтирсек, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2016-жылы Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы уникалдуу «Шах Фазиль»  күмбөзүнүн ички архитектуралык жасалгасын калыбына келтирүү жана 40 жылдан бери турган металл тиректерин алмаштырып, айлана-чөйрөсүн жакшыртуу үчүн республикалык бюджеттен 4,9 млн сом каражат бөлүнүп берилди.

Жусуп Баласагындын 1000 жылдык маарекесине карата “Бурана” археологдук-архитектуралык комплексинин аймагында үч күмбөз жана мунаранын ремонттук-реставрациялык иштери жасалып, айлана-чөйрөсү жакшыртылды. Музейдин көргөзмө залы жасалгаланып, экспонаттар үчүн жабдуулар орнотулду.

С.Жээнбеков концепцияны ишке ашырат

Өкмөт башчы С.Жээнбеков тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча мыйзамдарды, КР тарыхый-маданий мурасын коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны толугу менен аткаруу маселесине өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылууда.

Республикадагы эки миңге жакын тарыхый, археологиялык, архитектуралык, монументалдык ж.б. эстеликтердин баары мамлекеттин улуттук тарыхы жана маданияты үчүн чоң мааниге ээ. Бул эстеликтердин 583ү 2002-жылдын 20-августунда КР Өкмөтү тарабынан бекитилген №568 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын чотко алуу, коргоо, реставрациялоо  жөнүндө жобонун” негизинде республикалык мааниге ээ мамлекеттик тарыхый жана маданий эстеликтеринин тизмесине киргизилген. Типологиялык жактан бөлүп карасак, өлкөдө тарыхый 66, археологиялык 335, шаар куруу боюнча жана архитектуралык 122, көркөм 53 жана маданият тарыхы жана жаратылыш боюнча жети эстелик бар.

Премьер-министрдин өзгөчө көзөмөлү астында, республика боюнча, жыл сайын эстеликтерди чоттоо, алардын тарыхый жана маданий маанисин аныктоо боюнча илимий-изилдөө иштери, техникалык жактан текшерүүлөр, документтерди каттоо жүргүзүлмөкчү.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында археологиялык эстеликтер боюнча жүргүзүлгөн чоттоо иштеринин жыйынтыгында, 25 археологиялык, 28 архитектуралык эстеликтер ремонтко муктаж экени аныкталып, 76 объектке паспорт алынып, 172 объекттин ээлери менен коопсуздук келишимдери жана милдеттенмелер түзүлдү.

Өкмөт башчысы сунуштаган концепция эки этаптан турат. Биринчиси, 2015–2017-жылдар ичинде жүзөгө ашырыла турган иштер. Анда улуттук мыйзамдар жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча нормалардын ар тараптуу анализи жүргүзүлөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамына Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтерин колдоо боюнча толуктоолор киргизилет; республикалык мааниге эстеликтердин Мамлекеттик тизмесине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, улам толукталып турат; алар ар тараптуу изилденет жана иликтенет; эл аралык, республикалык жана жергиликтүү мааниге ээ тарыхый жана маданий мурастардын Мамлекеттик тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизүү критерийлери иштелип чыгат; аларды коргоо эрежелери иштелип чыгат; ошондой эле эстеликтерди коргоого багытталган инвестицияларды тартуу иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Концепциянын бул этабында кабыл алынган чаралар бул чөйрөдөгү аныктоо, системалаштыруу жана сактап калуу боюнча кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берет.

Ал эми экинчи этап 2018-2020-жылдар мезгилинде жүзөгө ашырылат. Мында тарыхый-маданий мурастарды коргоо, пайдалануу боюнча иштелип чыккан чаралар толук масштабдуу ишке ашырылат. Алар тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча чараларды жакшыртуу; аларды көрүүгө келгендер үчүн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; туристтик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу; республика жарандарынын жана туристтердин тарыхый-маданий мурастарга болгон кызыкчылыгын арттыруу боюнча жүргүзүлөт.

Элибиздин эзелтеден калган тарыхый археологиялык жана архитектуралык эстеликтерин сактоо жана коргоо боюнча учурда С.Жээнбеков жигердүү иштерди жасап жатат. Эми, өкмөт башчы Президенттик шайлоодо утуп калса, бул жаатта жасала турган дагы бир топ эле иш бар..


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: