Өкмөт балдардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүдө

03.08.2017 | Коом, Саясат

Pravitelstvo

Кыргызстанда тестиер жана өспүрүм балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарынын саны өсүп жатат. Автожолдордогу балдардын мерт болуусу жана оор жаракаттар менен кейиштүү аяктаган авариялардын эпкини 2017-жылдын жаз айларына туура келди. Бул мезгилде кайгуул кызматтары дээрлик күн сайын балдар жабыр тарткан жол кырсыктарын каттап жатышты. Көп учурларда мындай кырсыктардын орун алышына чоң адамдар себепкер болушкандыгын баса белгилей кеткенибиз эп. Жол эрежесин бузган чоң адамдар жоопкерчиликтен качып, кырсык болгон жерлерде жардам көрсөтүүнүн ордуна из жашырып кетип жатышты.

Тилекке каршы, учурда кырсыктардын саны азаймак турсун, өсүшүн улантууда. Акыркы кайгылуу окуялардын бири 30-июлда Ысык-Көл облусунда орун алды. Айдоочу машинесин башкара албай каршы жолго чыгып кеткендиктен, эки автоунаа маңдай-тескей кагылышып, бир жашар наристе кыздын өмүрү кыйылды, эки бала жана бир аял жабыр тартты.

Ал эми расмий статистика үрөй учурат. КР ИИМинин маалыматы боюнча акыркы жарым жылда Кыргызстанда 569 жол-транспорт кырсыгы орун алып, аларда 30 бала набыт болду, 637си ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты.

Милициянын чиновниктери болсо 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 20%га кыскарды деп рапорт беришүүдө, арийне абал кооптуу бойдон калууда жана юридикалык эле эмес, моралдык көз караштан алганда да чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылат. Негизи, балдардын коопсуздугун камсыздоо окутуу мекемелерине жакын жол инфраструктураларынан башталышы абзел.

Бул багытта өлкөбүздүн өкмөтү балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана эскертүү векторун күчөтө баштады десек болот. Бир нече ай мурда эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жооптуу министрликтерге жалпы республика боюнча жол бойлоруна жакын жана автотрассаларды бойлото жайгашкан мектептердин картасын түзүүнү тапшырган. Өлкөбүздөгү 2238 мектептин 30%ы өтө опурталдуу аймактарда орун алгандыгы, Бишкекте андай мектептер 32%ды түзөөрү анык болду. Карта түзүүнүн башкы максаты – мектептерге жакын жолдорго светофорлорду, эреже белгилерди орнотуу, “сулама полицейлерди” жаткыруу болуп саналат. Бул иштер 2018-жылдын 1-январына чейин бүткөрүлүшү зарыл.

Негизинен трассаларды бойлото орун алган жана жолго жакын аймактардагы мектептерге баруучу балдардын коопсуздугун камсыздоо ашыкча деле күч-аракетти талап кылбайт. Республикада мындай мектептердин 400гө жакыны бар.

Болгону ички иштер органдары, билим берүү системасынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин окуучулардын жолдогу коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо боюнча биргелешкен комплекстүү аракетин күчөтүү талап кылынат.

Өкмөт мүчөлөрү менен быйыл 16-майдагы жолугушууда Сооронбай Жээнбеков: “Мектеп окуучуларынын жолдогу коопсуздугун конкреттүү аракеттер менен камсыздоо, анын ичинде балдардын жолдон өтүүсүнө жардамдашуу үчүн ички иштер органдары өзүндөгү адам ресурстарын мобилизациялоосу зарыл”, — деп айткан эле.

Ал эми жакында өкмөт башчысы жаңы окуу жылы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу сөз болуп жаткан маселеге кайрадан кайрылды. Анын пикиринде, мектеп окуучуларынын көчөлөрдө кескин көбөйүшү балдардын коопсуздугун касыздоо боюнча ыкчам чараларды талап кылат. Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, 20-августка чейин мектепке жакын 99 жол өткөөлдөрүнө светофорлор орнотулат, заманбап технологияларды жана материалдарды пайдалануу менен жөө жүрүүчүлөр үчүн жол белгилери тартылат. Маселен, жолдогу белгилер атайын термопластиктердин жардамы менен түшүрүлөт.  “Бул жумуштар ырааты менен максималдуу ыкчам жүргүзүлүшү зарыл. Жол кырсыктарынын тобокелдиги жогору мектептердин жанындагы жолдор светофор жана эреже белгилер жана жол чийимдер менен биринчи кезекте жабдылышы керек”, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эми эске салсак, жыл башынан бери жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны 2000дик чекке жакындап калды. Бул сандар балдар катышкан жол кырсыктары тууралуу статмаалыматтар сыяктуу эле өлкө жетекчилигин ойго салууда. Мында негизги акценттер жол магистралдары менен коомдук транспорттун учурдагы абалына жасалууда. Мамлекеттик, эл аралык жана жергиликтүү маанидеги, ошондой эле шаарлар менен калктуу пункттардагы ички жолдорду мониторингдөө 300гө жакын авариялык опурталдуу жол тилкелери бар экендигин көрсөтүп, аларды кыска аралыкта жоюуга мүмкүн болду. Мындан тышкары, көчө талаптарына жооп бербеген 2969 жол аралыктары аныкталып, тартипке келтирүү аларды тейлөөгө жоопкер мамлекеттик органдарга тапшырылды.

SAB_7398-1-1024x633

Ал эми коомдук транспорт маселесине кайрылсак, ИИМдин маалыматы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканаларда 100дөн ашык комплекстүү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортторду 370 контролдук текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада, 405 автобус жана микроавтобустар маршруттардан алынып, ээлери административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Өлкөдө жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу менен катарлаш эле өкмөт шаардык магистралдардын кесилиштерин фото-жана видео каттоо системасы менен жабдуу аракетин тездетүүдө. Өкмөт өз токтому менен фото-жана видео каттоо системасыжол кесилиштеринде аныктаган кыймыл эрежелерин бузгандык үчүн административдик айыптардын өлчөмун жана аларды колдонуунун тартибин бекитти. Айыппулдардын 50%ы фото-жана видео каттоо системасын сатып алуу жана аларды тейлөө үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетине которулат.Жергиликтүү бийликтер өзүлөрүнүнадминитстративдик аймактарына орноткон фото жана видео байкагычтар ИИМдин маалыматтык системасына бириктирилет. ИИМ айып пулдардан топтолгон каражаттардын 10%ын алат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ИИМдин маалыматтык системасы аркылуу айыптардын төлөнүшү тууралуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде алып турат. Мына ушундай чаралар, айдоочулардын тартибин жана жолдордогу коопсуздукту жогорулатат деген ишенич бар.

Бул чечим балдар жана өспүрумдөр катышкан жол кырсыктары көбөйүп кеткенден кийин коомчулук тарабынан активдүү козголгон “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жасалган биринчи кадам болуп калды. Тилекке каршы, долбоорду толук кандуу жүзөгө ашырууга сот процесстери тоскоол болууда. Ошого карабастан, Сооронбай Жээнбеков бул маселеде өзүнүн туруктуу позициясын карманууда.

Премьер-министр: “Коомчулук “Коопсуз шаар” долбоорунун башталышын чыдамсыздык менен күтүүдө. Аны ишке ашыруу үчүн чечкиндүү кадамдар керек. Ошондуктан, соттун чечими кандай болорун күтө бербей, Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен соттук териштирүүнүн объектисине айланган долбоордо каралбаган көчөлөргө видеокамаераларды орнотуу башталат”, — деп айтты жана фото жана видео-система жана маалыматтарды тескөөчү жабдуулар сапаттык заманбап стандарттарга ылайык болушу керектигин кошумчалады. Ал “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга катышып жаткан мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен тыгыз иштешүүнү тапшырды.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: