Нурлан ШАКИЕВ: «Республика – Ата Журттун» атынан Бабановдун талапкерлигин Ташиев көрсөткөн эмес”

03.07.2017 | Саясат

 

7385F1F5-4452-44E6-9070-35D07B985F3E_w1023_r1_s (1)

 

«Камчыбек Ташиев «Республика — Ата Журттун» атынан Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөткөн жок», — деп билдирди уюмдун саясый кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев «24.kg» маалымат агенттигине.

Ал президенттик кызматка партиянын атынан Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги легитимсиз экендигин белгилейт. Анын айтымында, ал саясый кеңештин мүчөсү катары алдыдагы шайлоодо Кыргызстандын президенти кызматына «Республика – Ата Журттун» эч кандай чечимин көргөн жок жана кол койгон жок. «Биздин саясый кеңеште 25 мүчө бар. Жок эле дегенде эки мүчө – мен жана Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөткөн жокпуз. Менин оюмча калган 23 адамдын баардыгы эле мындай демилге менен макул болгон эмес», дейт Нурлан Шакиев жана дагы эгерде ушундай сунуш болгон күндө да ал аны колдоого алмак эмес экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 1-июлда «Республика – Ата Журт» партиясынын курултайы өтүп, анда Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги жарыяланган.

Партия «Республика» жана «Ата Журт» эки партиясынан биригип, 2014-жылдын 20-октябрында каттоодон өткөн. Жаңы бирикменин лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев болуп калган.

Эки саясатчы парламенттик шайлоого барышкан, бирок Ташиев соттолгондугу бар болгон үчүн катыша албай калган. Кийин ал «Республика – Ата Журт» партиясы эми жок экнедигин жарыялаган. Нурлан Шакиевдин айтымында, партиянын де-юреси дагы бар.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: