Нурлан Салидинов, актёр: “Эми мастын ролун аткарбоону чечтим”

18.01.2018 | Маданият

 22489976_267204957135310_2593383116950095441_nТасма-бул чыныгы жашоонун бир бөлүкчөсү. Ал күзгү сымал өзүңдү чагылдырып көрсөтөөрү чындык.  Ошол күзгү аркылуу өткөн чактагы катабызды эскерип, келечекке карап багыт алып келебиз. Талант, жөндөм жана аракетти айкалыштыра алган адам ар бир иштин майын чыгара аткарат. Көптөгөн тасмаларда  жана театрда эсте каларлык роль жаратып келген, жаштардын арасынан суурулуп чыккан,  кино актёр Нурлан мырзаны бүгүнкү баарлашуунун каарманы болду.

 

— Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз, кино сиз үчүн?..

— Кино мен үчүн, башка кесипкөйлөр өз эмгектерин сүйүп андан ийгилик  жаратып ырахаттанган сыңары, мен дагы киного тартылуудан эргүү алып, күч топтойм. А балким, жөн гана жан-дүйнөмө азыктыр.

— Кандай кырдаалга туш болсоңуз да эмоцияңызды жашыра билесизби?

— Кырдаалга жараша. Көбүнчө эмоцияны сактай билем. Бирок өзөгү жарыла турган сыздооктой, кээде жарылып кетүүгө туура келет.

10906263_1385336925100785_4821713890439255889_n 14956618_1695920490649815_5122208054608095361_n10407493_327228637468230_4836771480037518868_n

— Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Биринчиден эң башкысы эмгекчил болуу керек. Ал сапатты кошо ээрчип жүргөн өжөрлүк  да сөзсүз керек. Өжөрлүктү кээ бирлери терс сапаттарга кошуп жүрөт. Андай эмес. Ошол өжөрлүктүн артынан ийгилик жаратуунун даамын сезүү дагы бакыт.

— Эгерде актёр болбой калсаңыз кайсы кесипти тандамак элеңиз?

— Биз союз доордун балдары болуп чоңоюп калбадыкпы. Бал тилдүү бала чакта аскер адамы болм деп кылданчумун. Театралдык окуу жайга тапшыраардан мурун «Педагогика жана психология» факультетинде окучумун. Мага жакпаган соң, актёрлук кесипти тандап кетип калгам.

— Ушундай талант ээсин кандай ата-эне тарбиялады экен?

— Кара тору томолок бала карапайым үй-бүлөлөрдөн эле тарбия алып чоңойгон. Атам айдоочу болчу. Апам мугалим болуп көп жылдар бою мектепте иштеп. Ардактуу эс алууга чыккан.

— Сиз кандай жанрдагы китепке жакынсыз?

— Тарыхый жанрдагы китептерди көп окуйм. Дюманын китептерин кызыгып окуйм.

— Режиссёрдук жактан дагы өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?

— Кээде ойлонуп режиссёр болсом деп коём. Бирок режиссёрдук кесип өтө оор. Аракет кылсам колдон деле келет. Качандыр бир кезде режиссёрдук кесипте өзүмдү сынап көргөн учур да келер.

25564592_1874466866128509_1773412129_n

— Кино тартылуучу кызыктуу окуялар…

— «Президент жана бомж» киносунда мас кишинин ролун ойнободум беле.  «Миллионердин сүйүүсү» тасмасында дагы жарнамалык роликтерде дагы мастын образын ачып бергем. Негедир мени дайыма мастардын образында режиссёрлор кабылдап калгандай сезиле берет. 4-5 ролдон соң, өзүм да башка масты аткарбоону чечтим.

— Өмүр жолуңузда эмнелерге жетишип, эмнелерди максат кылып жатасыз?

— Биринчи орунда менин үй-бүлөм турат. Ошондуктан, балдарыбызга татыктуу тарбия берип, келечекте мыкты кесиптин ээси болуп чыгышына азыртадан ойлонуп, балдарды үйлөнтүп-жайлантып аталык милдеттерден кутулсамбы деген жакшы ой-тилектерим бар.

Чыгармачылыкта театр менен кинодо элдин эсинде кала тургандай роль жаратсамбы деп максат кылып жүрөм.

— Кинолорго үзбөй тартылып жүрөсүзбү?

— Быйылкы жылдын эсебенинен  «Миллионердин сүйүүсү» , Эльдар Турдумамбетовдун « Бала жана сүйрөткү» тасмасына тартылдым. «Ата» деген тарбиялык максатты камтыган кинодо образ жараттым.

(Т.К.)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: