Назира Бердигулова карылар үйүндөгү апаларды куутуктап ак жоолугун салды

05.03.2018 | Коом, Маданият

7

Белгилүү теле алып баруучу Назира Бердигулова жыл сайын Бишкек шаарындагы карылар үйүндө 8-март апалардын майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүп, ата-апаларды куттуктап, алардын ак батасын алып келет. Бүгүн 5-март Ак калпак майрамында аталарды Ак калпак майрамы, апаларды 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктап, майрамдык иш чара уюштурду. Майрамдык иш чарага Күлипа Керимбаева баш болгон ырчылар ак калпакчан аталардын, ак жоолукчан апалардын маанайын жандуу ырлар менен көтөрүшсө, “Жаӊы толкун” адабий клубунун өкүлдөрү келип ыр окуп отурган карыяларды жашытышты.  Калпак күнүн официалдуу түрдө белгилөө тууралуу токтом чыгаруу боюнча демилгени көтөрүп чыккан депутат Тазабек Икрамов да келип ата-апаларды майрамдары менен куттуктап жылуу сөздөрүн сүйлөдү. Майрамдык иш чаранын соӊунда Назира апаларга арнап алып келген ак жоолугун салып, сый тамак берди.

20180305_123556 20180305_123722 20180305_124025 20180305_124035 28576366_541829706188740_2881351884681975980_n


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: