Домой Коом Назира Айтбекова эркектердин түрлөрүн санап берди

Назира Айтбекова эркектердин түрлөрүн санап берди

36

Алып баруучу Назира Айтбекова ар дайым интернет баракчаларынан жөн эле ойлору менен бөлүшүп келет. Бул жолу ал эркектин түрлөрүн санап берди.

1. Однолюбдар. Бирди эле сүйөт. Бирөө эле көңүлүнө от жагып, көзүн сүйүнтө алат. Ошол бирөө үчүн тоону томкорот, таштан суу, такырдан гүл чыгарат! Бирөөнүн сөзү мыйзам! Алаканына салып, агы менен айланат карегинин. Бирөөнүн жытын искеп, чачын сылаш үчүн айга чейин шаты таап, күндү кошо алып берет элем деп күйүп кеткени канча?! Сейрек кездешет бирок булар. Тапса болот. Бит карагандай издеш керек .

2. Кийинки түрү «Кыз жандуулар». Өтө эле сүйгүч келет. Сүйгүч болуп иштейт да жүрөгү. Жымың эткендин баарын бир жумадан сүйө берет. Эки жума болуп кетсе эле ыңгайсыз боло баштайт. Сүйгөн сайын жашагысы келип, жашарып, сеп этип алгандай » масарып»…романтик болуп ар бирине ыр чыгарып, чыгарма арнап, эми өзүнчө эле бир укмуш. Укмуш дүйнөдө жашайт алар

3. «Коллекционер » «Кыз жандуудан» айырмаланып, дене кумарына басым жасайт. Романтика, сезим деген түшүнүк жашабайт. Эттүүсүн көрөт бүгүн, эртең төштүүсүн көрөт, бүрсүгүнү чачы кыска, андан кийин буту узун, куймулчактуусу, компактныйы…айтор кете берет. Коллекция толукталмайын любоюн көрөт.

4. «Однолюбдар» . Тырмакчанын ичиндеги «однолюбдар» . Аялы, балдары бар. Жашоодо аялымды эле сүйөм дегендер. Бирок мезгил — мезгили мн жамгыр жаайт системасы да. Тымызын тызылдатып келип, тымпыйып калгандар булар. Шек алдырбайт. Партизандар. Бутунун учу мн жүрөт. Уликалар дароо тазаланат. Таза иштейт, кыскасы. Чандааа эле кокусунан кармалып калбаса, дээрлик колго түшпөйт. Түшүп калса да суудан кургак чыгат. Мойнуна алып өлбөйт да алар. Эркектин тили мн айтканда «однолюбдар , бирок многоебдор». Бүлөсүн таштабайт бирок жакшы жери. Билгизбей жүрөт.

5. Жүүнү боштор. Сүйүп калдым деген кыздын баарын ээрчип кете берет. Мурункусун таштап коюп, мурдунан жетеленгендер. Ушундай ишенчээктер. Ак сүйүү издеп, алдана бергендер. Мындайлардын багына дайыма амалдуулар, желмогуздар жолугат да, көп нерсени жасатып алып, көчүккө тээп айдап жиберишет. «Подтакашниктер»деп да аташат. Жетеленмелик жагат. Лидерлик касиет жокко эсе.

6. Мыктылары. Уяттулар, намыстуулар, акылдуулар. Баардык жактан төп келгендер. Тагдыр эле талкалабаса, тайбай турчулар. Однолюбга окшош эле келет бирок анчалык фанат эмес. Сүйгөн адамын сапаттуу сүйөт. Жоопкерчиликтүү. Балдарына мыкты ата. Сонун уул. Ката кетирбей жашайт. Отличник айтор

7. Кээ бир эркектер бар. Аял мн деле иши жок. Баклан мн иши бар. Чоң муштумдар. Иши кылып, разборкада, отвечалодо жүрүп, сүйүү — пүйүү деле капарында жок. Кээде кээде эле жаратылышы ойгонуп калганда эсине түшпөсө….иши деле жок. Бүлө күткөндө анысы деле каралбай калат…#жөнэлеойлор
Кап этпегиле, каралдылар!)))

Назира Айтбекова