Назарбаев өз тагдырына өзү балта чаап жатабы?

14.11.2017 | Саясат

f2a05f2bcbffc790ddbca692adf0da2c

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ачуу чындыкка чычалап кетип чек арасын жаап салганына бир айга чамалап калды. Бул аралыкта эки өлкөнүн кара таман эли, ишкерлер ири чыгым тартты. Айрым казак жарандары чек арада кезек күтүп турган жеринен чыдабай каза тапты. Бирок, Назарбаев өз аткошчуларына ар кандай шылтоолорду айттыруу менен чек араны ача элек. Муну менен ал Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, ЕврАзЭСтин нормаларын кыянаттык менен бузууда.

Жогорку Кеңеште 2017-2018-жылдагы бюджеттин долбоору жана 2019-2020-жылга болгон божомол талкууланып жатканда дал ушул чек арадагы кырдаалдын Кыргызстандын бюджетине тийгизген кесепети айтылды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин билдиришинче, Казакстандын бул аракетинен кийин өлкө казынасына 2,5 млрд. сом түшпөй калышы ыктымал. “Бажы тармагынан дал ушул чек менен 1,8 млрд сом түшүшү керек. Учурда анын 500 млн. сомунун түшпөй калышы күтүлүүдө. Ал эми салыктардан 2 млрд. сом жоготушубуз ыктымал”, — дейт ал.

Бул сумманы Кыргызстандын бийлиги башка булактардан толукташы мүмкүн. Бирок, Казакстан бизден да көбүрөөк чага чегип жатканы маалымдалууда. Аталган мамлекеттин түштүк облустарында баалар өсүп, карапайым элдин нааразычылыгы күч алганы кабарланууда. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасынан көбүнчө казак ишкерлери жапа чегип жатканы айтылып, мындай көрүнүш биринчи кезекте коңшу мамлекеттин карапайым элинин нааразычылыгын туудурганы белгилүү болду. Назарбаев бул аракети менен өз тагдырына өзү балта чаап жаткан жокпу?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: