Нарында жаңы ФАП пайдаланууга берилди

IMG_0189 (2)

              Кечее Нарын областынын Кочкор районундагы Туз айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Амангельди Муралиев,  “Qatar Charity” уюмунун аткаруучу директору Фейсал Аль-Фихайда жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Имарат толугу менен аталган уйумдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары  ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уйум тарабынан камсыздандырылды._DSC4013
Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уйумунун каржылоосу менен  2017-жылдын ичинде 8 медклиника  курулду. Анын алтоо ачылып ишке берилди. Жакынкы күндөрү калган үчөө ачылуу алдында турат.IMG_0169
“Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт” –деп билдирди районунун акими Нурлан Керимкулов


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: