Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев Чеченстанда 4 жылга кесилди. Мас абалында бир адамды өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен

25.09.2017 | Коом, Криминал

64de8d56a89921d3d3acf691d3c64555

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев Чеченстанда мас абалында унаа айдап бара жатып 1 адамды өлтүрө сүзүп кеткени үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды.

Бул туурасында орусиялык ММКлар билдирүүдө.

Маалыматка караганда Грозный райондук соту Батукаевди түзөтүү колониясына 4 жылга кескен. Ошондой эле транспорт каражатын башкаруу укугу 3 жылга алынып салынды.

«Кылмыш ишинде  «Mercedes Benz 500» унаасын мас абалында башкарып бара жаткан Азиз Батукаевдин катышуусунда Старые Атаги айылында жол кырсыгы болгон. Ал «ВАЗ 2110» унаасынан ашам деп бара жатып аны сүзүп алган. Жыйынтыкта “ВАЗдын” айдоочусу каза болгон. Азиз Батукаев каза болгон адамдын туугандарынын өч алуусунан коркуп качып кеткен», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, криминалдык авторитет Азиз Батукаев Кыргызстанда 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган. Мыйзамдагы ууру Нарындагы убактылуу тергөө абагында болчу. Оорусуна байланыштуу эркиндике чыгарылып Грозный шаарына учуп кеткен.  Бирок кийин анда олуттуу илдет болгон эместиги аныкталган.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: