Муздаткычта сактоого болбой турган тамак-аштар

муздаткычтагы тамак-азык

Кээде муздаткычка кереги бар жана жок азыктарды деле дөбө кылып үйүп салмайыбыз бар. Кээ бир азыктар жакшы сакталса, кээ бирлери бат бузулат. Кайсы азыктарды муздаткычта сактоого болбой тургандыгын билип алуу ашыкчалык кылбайт. Муздак аба микроорганизмдердин иштөөсүн жайлатып, алардын бат бузулуусунун алдын алат. Бирок көптөгөн тамак-аш азыктары төмөнкү температурада баштапкы пайдалуу касиеттерин жоготот. Алардын түсү, жыты жана даамы бузулуп, адамга жагымсыз абалга келет. Эгер муздаткычыңызда бош орун калбай, таамк-ашка тирелип турган болсо, төмөнкү кеңеш сиздер үчүн. Бул азыктарды муздаткычта сактоонун кажети жок.

— Экзотикалык жемиштер – суук абада лимон, апельсин, мандарин, грейпфрут, киви чирий баштайт, ушул убакта бөлүнүп чыккан газдар ден соолукка зыянын тийгизет. Мындай жемиштерди сактоонун жакшы жолу – аларды кагазга ороп, үй температурасында кармоо.

— Алма жана алмурут. Себеби: алма менен алмурутту муздаткычта сактоо алардан этилен затынын бөлүнүп чыгышына алып келет, а бул болсо алма менен алмурутту гана эмес, алардын жанындагы мөмө-жемиштердин да бузулуусуна алып келет.

— Ашкабак тукумундагылар. Патиссон, цуккини жана кадимки ашкабак бир айга чейин салкын жертөлөдө сакталып тура берет. Атүгүл даамына да чыга түшөт. А муздак температурада бул азыктар жумшарып, көк дат басат. Муздаткычтагы кесилген коон зыяндуу зат бөлүп чыгарат.

— Помидор менен бадыраң. Баарыбыз эле буларды муздаткычта сактасак керек. А бирок, өзүндө нымдуулукту көп кармаган азыктарда мындан улам кара тактар пайда болот. А бул чирий баштагандыктын белгиси. Помидор менен бадыраңды сактоонун эң жакшы жолу – корзинкеге салып үй температурасында кармоо. Аларды жештин алдында бир саатка муздак сууга чылап койсо болот.

— Пияз. Пияз жертөлөдө жакшы сакталат. Жылуу жана нымдуу абасы бар ашканада пияз тамырлап өсө баштайт. Муздаткычта болсо, ал жумшарып, ич жагынан көк дат баса баштайт. Жанындагы азыктарга да пияздын анча жагымдуу эмес жыты сиңет. Сарымсакты муздаткычта кагаз баштыкка ороп сактоо керек.

— Бал. Балдагы баалуу биохимиялык заттар муздаткычта сактагандан бузулат. Мындай балдын баалуулугу деле жок. Аны кургак жана караңгы жерде сактоо керек.

— Картошка. Картошка, сабиз жана кызылчаны жертөлөдө сактап келишкен. Абанын жылуулугу 10-12 градустан ашканда бул жемиштер тамырлап, чирип, көк дат баса баштайт. Булар муздаткычта абанын жылуулугу 7 градустан төмөн болбогон учурда гана сакталат. Картошканы жыгач же картон ящикте караңгы жана кургак жерде сактаган оң.

— Шоколад. Шоколадга муздаткычта орун жок. Себеби, андагы пайдалуу касиеттер азаят. Жайкы ысыкта гана салып коюуга болот.

— Нан. Нанды муздаткычта сактаганда андагы башка азыктардын жыты нанга сиңип, көк дат баса баштайт. Нанды көп сатып алып кантип сактоону билбесеңиз, жакшысы муздаткычтын тоңдурмасында кармоо керек. Негизи нан үч күндөн ашык сакталбасын эске алыңыз.

— Банандар. Нымдуу жана муздак аба бул жемишке жакпайт. Мындан улам алар чирий баштайт жана таттуу даамы жоголот. Бананды сактоонун эң жакшы жолу – ашкананын караңгы бурчуна пальмада илинип турган сымал асып коюу.

— Кофе. Кофени муздаткычта сактоого болбойт. Мындан улам анын даамы жана сапаты бузулат. Анын үстүнө кофенин күчтүү жыты башка азыктардын даамын өзгөртөт.

— Консерва, кыям. Бул азыктарды да муздаткычта сактаганга болбойт. Булар үй температурасында деле бузулбайт.

Аида Мусаева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: