Домой Ден-соолук Мүрзөгө жер тартыш болуп… Адамзат башынан кечирген коркунучтуу 7 эпидемия

Мүрзөгө жер тартыш болуп… Адамзат башынан кечирген коркунучтуу 7 эпидемия

119

Ал адамзатты күйүткө салып кеткен MERS жана SARS вирустарынын тобунан болуп чыкты.

Коронавирустун жаңы түрүнө кабылгандар былтыр декабрдын аягында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында катталган.

Азыр вирус 17 өлкөнү, анын ичинен Австралия, Вьетнам, Непал, Сингапур, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Корея жана Японияны аралады. Акыркы маалыматтар боюнча, кытайлык коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 8 миңге чамалады. Андан каза тапкан учурлар да көп, курман болгондордун саны 213кө жетти.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы адамзат туш болгон ашкере коркунучтуу инфекциялык дарттар туурасында маалыматтарды топтоду.

Испан тумоосу («испанка»)

Пациенты зараженные испанским гриппом в библиотеке Конгресса, который используется в качестве временной больницы. 1918 год

Тарыхтагы эң ири эпидемиялардын бири испан тумоосунун пандемиясы болгон. Ал 1918-1919-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуштун акыркы айларында башталган. Карапайым калк арасында аны «испанка» деп атап коюшкан, себеби бул оорунун күч алганын алгачкылардан болуп Испания жарыялаган.

Болгону төрт ай аралыгында испан тумоосу бүт дүйнөгө тарап, Барселонадан Кейптаунга чейин, Аляскадан Австралияга дейре жайылып, алыскы, обочолонгон кыштактарга да жеткен. Ошол убакта мекенине кайткан жоокерлерден улам аталган дарт өлкөдөн өлкөгө ушунчалык тездик менен тараган.

550 миллион кишиге (планетанын 29,5 пайызы) жугуп, 50-75 миллионго чейин адам көз жумган. Аляскадан Түштүк Африкага чейин бүтүндөй айыл кырылганы да белгиленет, алардын сөөгүн көмгөнгө көрүстөндөн жер тартыштыгы да жаралган.

Чума

Пациент с подозрением на чуму в инфекционной больнице в Нью-Дели. 2 октября 1994 года

Чума — майда жандыктарда (кемирүүчүлөр) жана алардын терисинде жашаган мите — бүргөдө кезикчү чума таякчасынын бактериясынан козголо турган жугуштуу оору. Бул дартка кабылган бүргө чакканда, инфекцияланган материалга түздөн-түз кол тийсе же ооруп жаткандардан аба аркылуу адамга жугат.

Белгилери бул ооруга окшоп кеткен дарт тууралуу алгачкы маалыматтар Байыркы Римге таандык. XIV кылымда бул кесел кеңири тарап, Европадан орточо 50 миллион кишинин өмүрүн алган. Аны «Кара өлүм» деп да аташкан.

Бүгүнкү күндө чума антибиотиктин күчү менен басылат, ал эми бул жугуштуу оорунун алдын алуу сак болуунун стандарттык чаралары сакталган шартта өтө татаалдык деле жаратпайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, дүйнө жүзүндө 2010-2015-жылдары 3248 учур катталып, чумадан 584 киши көз жумган

Чечек (Оспа)

Ребенок зараженный оспой в деревне Хакегора в Индии. 23 июня 1974 года

Чечек — вариола вирусу козгогон өтө жугуштуу оору. Ал кишиден кишиге ооруп жаткан адамдан чыккан майда тамчылар аркылуу өтөт.

Адамга жуккандан кийин белгилери 12-14 күндөн кийин билинип, чыйрыктырат, алды кетирет, башты оорутат, абалды чабалдатат, далы жана кээде ичти оорутуп, кустурат.

Чечек эпидемиясы Кытайда IV кылымда башталып, VI кылымда Кореяга жеткен. Ал эми VIII кылымда Европага жетип, Россияда XVIII кылымда кеңири таралган. Жыл сайын дүйнөдө 1,5 миллион киши ушул оорудан каза тапкан.

1980-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмдөө кампаниясын жүргүзгөн соң чечектин басылганы жарыяланган. Бул оору табигый жол менен эми козголбойт, бирок вирустун кору алигүнчө эки лабораторияда өтө катуу корголо сакталып турат. Алардын бири Россияда, экинчиси АКШда кармалат.

Холера

Ребенок получает вакцину против холеры в лагере беженцев-рохинджа. Бангладеш

Холера курч диареялык оору, буга чалдыккан адам дарыланбаса, бир нече сааттан кийин көз жумат.

XIX кылымда бул кесел Индиядагы Ганг дайрасына куйган жердеги өзүнүн баштапкы резервуарынан дүйнө жүзүнө тараган. Андан кийин бардык континенттерден миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен алты пандемия чыккан. Кезектеги (жетинчиси) пандемия 1961-жылы Түштүк Азияда башталат, 1971-жылы Африкада жайылат, ал эми 1991-жылы Америкада күч алат. Азыркы тапта холера бир топ өлкөдө эндемиялык дарт болуп эсептелет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянсак, ар жылы жер жүзүндө 1,3 миллиондон 4,0 миллионго чейин холерага кабылган адам катталат, алардын 100 миңге чукулун сактоого мүмкүн болбой калган.

Эбола

Медицинские работники несут гроб, в котором находится тело человека умершего от вируса Эбола в Демократической Республике Конго.  С июля 2018 года в стране из-за вируса скончались более 1,1 тысячи человек.

Алгач жолу бул оорунун очогу Эбола дарыясына жакын Конгодо 1976-жылы катталган. Ошондон улам ага Эбола деген ат берилген.

Вирус башынан бери эле жарганаттарда кезигери айтылган. Ал адамдарга жапайы айбанаттардан берилип, кишиден кишиге жакын байланыштан былжырлуу чел же теридеги жараат аркылуу жугат. Дартка чалдыккан кишиде чыйрыгуу, сарык, геморрагиялык синдром же бөйрөктүн кемтик оорусу менен билинет.

Вирус соңку ирет 2013-жылдын декабрында батыш Африкада жайгашкан Гвинеяде дүрт алып, коңшу турган Либерия жана Сьерра-Леонго тараган.

Жалпы 28 миң киши жабыркап, 11 миңи каза тапкан.

СПИД

Сотрудник лаборатории берет анализы на ВИЧ в больнице Исламабада. 30 ноября 2013 год

Иммундук таңсыктыкка алып келчү синдром (СПИД) — адамдын иммундук таңсыктык вирусу (ВИЧ) жукканда өрчүгөн оору. Вирус иммундук системаны жабыркатат, организмди инфекциялар жана оорулардан коргонуусун чабалдатат.

Медики осматривают пациента зараженного коронавирусом

ВИЧ-инфекцияга мүнөздүү болгон белгилер биринчи ирет 1981-жылы июнь айында АКШда белгиленген. 1983-жылы АКШ менен Франциянын изилдөөчүлөрү ВИЧ/СПИДди козгогон вирусту сүрөттөшөт.Бүгүнкү күндө бул вирус 32 миллион кишинин өмүрүн алып, глобалдык коомдук саламаттык сактоонун негизги көйгөйү бойдон калууда.

Жыныстык катнашта, инфекцияланган канды куюуда, ошондой ийне же учтуу инструменттер колдонулганда, кош бойлуу кезде, төрөт убагында же эмчек эмизүүдө энеден балага берилет. Вирусту көзөмөлдөп, башкаларга жугушунун алдын алып жана антиретровирустук препараттар менен организмди талкалоочу таасирин азайтууга болот.

БУУнун маалыматтарына ылайык, 2018-жылы 37,9 миллион ВИЧ-инфекцияланган учур катталган, алардын 1,7 миллиону 15 жашка чейинки балдар.

Коронавирустар

Ультраструктурная морфология, демонстрируемая новым коронавирусом 2019 года (2019-нКоВ) в Атланте

Кытайдагы ушул тапта дүйнөнүн үшүн алып турган 2019-nCoV вирусукоронавирустардын түрүнө кирет. Мурда бул вирустар бир нече дарттын дүрт алышына алып келген: 2003-жылы курч респиратордук синдромдун оор түрүнүн (ТОРС) жана 2012-жылы жакынкычыгыштык респиратордук синдромдун (БВРС) эпидемиялары чыккан.

Коронавирустар кадимки сасык тумоодон тарта дем алуу органдарынын оор ооруларын козгогон ири вирустар тобу болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин адамдарга жуга турган алты коронавирус анык эле, азыр күч алып турганы — жетинчи түрү.

2003-жылдын башында SARS вирусу аныкталып, эпидемия сегиз миң кишиге жуккан. Ал вирустун очогу да Кытайда болгон. Инфекциянын булагы — жарганаттар. Анан ал Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Азиянын 23 өлкөсүнө тараган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында ошол инфекциядан 774 киши каза тапканы айтылат. 2004-жылы эпидемия токтогон.Жакынкычыгыштык респиратордук синдром (БВРС) 2012-жылы июнда Сауд Аравияда табылган, андан Жакынкы Чыгыштын бөлөк өлкөлөрүнө өткөн. 2015-жылдын жай мезгилинде бул оору 23 өлкөдө катталган. Изилдөөлөр аталган вирустун алып жүрүүчүлөрү төөлөр экенин көрсөткөн. Дүйнөдө 2012-жылдын сентябрынан бери ал вируска кабылган 1,3 миң учур лабораториялык текшерүүдө аныкталып, 460 өлүм катталган.

Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакынкы чыгыштык респиратордук синдром (БВРС) коронавирусуна каршы колдонулчу вакцинаны коронавирустун жаңы түрү менен да күрөшүүгө колдонууга болорун жарыялады.

Булак: Спутник