Мурат Атбаев: «Памирликтер медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканада бардык шарттар түзүлгөн»

1035719363

Ооганстандан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздар Нарынга бүгүн 13-октябрда кечке маал барышат. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын билдирген маалыматы боюнча, алар облустук ооруканага келип, медициналык кароодон өтүшөт. Андан соң Нарын районунун Куланак айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылылат.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы врачы Мурат Атбаев учурда келе жатышкан памирликтер үчүн ооруканада бардык шарттар түзүлгөнүн, зарыл болгон нерселердин баары бар экенин билдирди.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: