Домой Саясат Мухаммедкалый Абылгазиев: экспорт 7,6% көбөйдү

Мухаммедкалый Абылгазиев: экспорт 7,6% көбөйдү

36

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2017-жылга салыштырмалуу 110 млрд. сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% азайганын жана экспорт 7,6% арбыганын билдирди.

Өкмөт башчынын сөзү боюнча 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү 580 млн. АКШ долларын түздү. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% болду. Былтыр Кыргызстанга 8,5 млн. чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн. көп.

Бул тууралуу Абылгазиев 14-январда мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

— 2020-жылы Жерүй, «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишин башташат, — деди Абылгазиев.

Анткен менен ЕАЭБге кеткен экспорт көбөйгөн жок. Ал тургай анын курамындагы өлкөлөрдөн келген импорт да азайды. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылдын январь-октябрында Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2 млрд. 185,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,8% азайды.

Ал эми экспортту алсак негизинен жалпы көрсөткүчтүн өсүшү алтын менен гана байланыштуу. Тагыраагы, алтын 2018-жылы экспорттун 31% үлүшүн гана түзсө, 2019-жылы ал жогорулап, 41,5% түздү. Башкача айтканда 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 9 тонна 296,2 килограмм (382,6 млн. доллар) алтын сыртка сатылса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 13 тонна 094,6 килограмм (563,3 млн. доллар) алтын экспорттолгон.

Булак: Азаттык