Мөмөлөрдүн пайдасы менен зыяны

Жашылча-жемиштер адам жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Чындыгында эле алардын биздин организмге тийгизген пайдасы чоң. Аларда адамга керектүү витаминдердин бардык топтому кездешет жана жыпар жыты, даамдуулугу менен да дайым жегибизди келтирет. Ошондой болсо дагы алардын арасында ден соолукка зыян тийгизе тургандары да кездешет. Булар түшүмдүүлүктү өстүрүү максатында ар кандай химиялык жер семирткичтер мол кошулуп жана узакка чейин сакталган жашылча-жемиштер. Жашылча-жемиштердеги пестициддерди текшерүү ар бир өзүн сыйлаган өлкөдө жүргүзүлөт.

 

Төмөндөгү жемиштерде жер семирткич аз өлчөмдө болсо да кездешет:

  1. Алма — 96
  2. Шабдаалы — 100
  3. Таттуу калемпир – 86
  4. Сельдерей – 85
  5. Алча, гилас – 75
  6. Алмурут – 65

 

Пестициддер азыраак кошулган мөмөлөр:

  1. Авокада, пияз – 1
  2. Жүгөрү – 2
  3. Ананас – 7
  4. Жашыл нокот – 11
  5. Бананы – 16
  6. Капуста – 17

Кандай болгон күндө дагы азыр мурункудай базардан алган алма, алмурутту кабыгында витамин көп деп жууй салып жеп кирчү доор өткөнүн байкасак болот. Химикаттар бүгүн мөмөлөрдү сатыкка даярдоодо сыртына гана чачылбастан, аларды өстүрүүдө сугаруу аркылуу да колдонулуп мөмөнүн бүтүндөй тулкусуна сиңирилип жатат. Демек, бул зыяндуу заттар алардын сырткы кабыгында гана эмес, жумшак ички бөлүгүндө да топтолууда.

 

Жалтырап көз жоосун алган мөмөлөр

Шаардын кайсы дүкөнүнө кирбе, сыртында бир кемтиги жок, курт түшпөгөн жалтыраган алма-алмуруттарды көрүүгө болот. Алардын көпчүлүгү 2-3 жылдап сакталса да өңүн жоготпой жаңы бойдон тура беришет. Бирок, мындай жалтырак мөмөлөрдүн баары эле жегенге жарактуу эмес. пайда үчүн баарына барган ишкерлер мөмөнүн сыртын парафиндин жука катмары менен кайра иштеп чыгышат. Мындай жол менен даярдалган алма-алмурут, жүзүм, шабдаалылар жылдап сакталат жана миңдеген километр жол жүрсө дагы бузулбай жетет. Парафин менен чайырдагы (воск) жыпар жыттардын адам организминде жылдап чогулушу ички органдардын иштөөсүн бузуп, адам өзүн жаман сезе баштайт. Ошондой эле гендик жактан өзгөртүлгөн (ГМО) мөмө-жемиштер да адам үчүн анчалык жагымдуу боло бербейт. Чындыгында алардын организмге тийгизген таасири али толук изилденип бүтө элек болсо да, табигаттын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү кээде пайдасынан зыяны ашып түшөрү баарыбызга маалым. Эмки санда мына ушул гендик жактан өзгөртүлгөн мөмө-жемиштер тууралуу сөз кылабыз.

Аида Мусаева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: