Домой Саясат Митинг “вирусу” каптап кетпейби?

Митинг “вирусу” каптап кетпейби?

17

Чычкан жылында кыргыз өлкөсүн ылайым жакшылыктар коштосун деген тилектерин жаңы жыл алдында мүлдө журтчулук ааламга жеткирди. Арийне, биз мамлекетибиз бар үчүн шыктанып жашап жатабыз. Эгерде бейишке тең өлкөбүз болбогондо айрым туулган жеринин турпагына зар улуттарга окшошуп калмакпыз. Багыбыз тоодой экен эркин оюбузду айтып, тойлорду өткөрүп шатыра-шатман оокатыбызды жасап жаткан кезибиз. Бул эми жакшылыктын жышааны дегенге жатат.

Тилекке каршы чү дегенде эле ар кайсы аймактардан митингдердин жалыны жүз берип азыркы абалга карата нааразычылыктар булт эте түштү. Айрыкча Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна каршы митингдердин уланышы бийликтегилерди беймаза кылды. Үч күн мурда өткөн митингдин жыйынтыгы өзүнүн жемишин берди. Логистикалык борбор Ат-Башыда салынбай турган болду. Өткөндө Талас жергесиндеги Жерүй боюнча чыккан “отту” түркүн түскө чүмкөп жиберишти. Алтын кенин кынаптап ишке киргизсек майкөл, сүткөлгө оронобуз дегендердин сөзүнө кулак салгысы келбегендер өздөрүнүн көз караштарын таңулоого аракет кылып жатышканы да тек жерден эместир? Жерди иретке салуу зарылдыгы эбак бышып жетилгенин да жабырап чыккандардын добушу басыла элек. Чек ара боюнча талаш-тартыштардын деми басылчудай түрү жок. Ошонун каарына кабылган, эч аттан түшпөй жүргөн Жеңиш Разаковдун да энчисин колуна карматышты. Бирок, андан артыкчылыгы болбогон Акрам Мадумаровдун кызматка келиши кыйла чатакты ырбатты. Антсе да камчыны кериле чабууну үйрөнүп алган бийлик кыңк эттирбестен депутаттардын оң чечимин алууга оңой эле жетишип, кимдин “ити үрөөнчөк” экенин далилдеп коюшту. Тил алчаак парламенттен башканы күтүүгө болбойт эле.

Элди козгоочу шайлоонун басыгы катуулап баратат. Өтүү босогосун 9 эмес 7 пайызга түшүрүү керектиги тууралуу коңгуроо кагылганы менен андан майнап чыкпайт. Анткени оркестрди жөнгө салуучу дирижердун таягы кимдин колунда экендиги маалым. Демек, парламент ичинде да жер тепкилөөдөн ныпым өзгөрүү болбостугун билебиз. Ага карабастан өжөрдүктү колдогон топ ар кандай ыкмаларды жандандырып, түз эле мамлекеттин башчысына кайрылууларды жасаганын баамдап турабыз. Саналуу күндөрдөн кийин 2-март келет. Учурда ошол күндү башкы “куралга” айландыруу амалдары кызуу ыргакта жүргөнү бекерден эмес. Ал тургай ошол күндү орчундуу маселени чечкен күнгө теңештирүүгө умтулгандар жок эмес. Реваншты колдон чыгарбоого ниеттенгендердин түзгөн пландары ишке ашабы, жокпу аны убакыт көрсөтөт. Эмнеси болсо да карапайым элге кесепети тийбес бекен деген түпөйүл суроонун жандырмагын азырынча бирөө да так кесе айталбайт. Камактагы Садыр Жапаровдун тагдыры ошол күнгө байланып калды десек да болот. Баса, “Илбирстеги” С. Жапаровдун штабынан көмүскө угуучу аппарат табылганы боюнча да уу-дуу кептер кетти дыңылдаган бойдон. Эми анын чоо-жайын “кыйын адистер” иликтеп чыгат деген ойдобуз. Ал эми ажонун билермандары ушул түйүндүү маселени кантип ийге келтирерине да коомчулук кызыгып турганы калп эмес. Митинг “вирусу” ылайым кеңейип кетпесе экен деп тилек кылалычы, бай болгурлар. Анткени бийликке ким келсе да бечаранын казанына аш салып бербейт. Калкка ириде өлкөнүн тынчтыгы маанилүү, бийлик талашкандардан качан пайда таптык эле…

Ж. Түзайтар

Булак: Ачык сөз