Мирзат Муканов: «Мамам уулануудан улам өлгөн жок!»

11.10.2017 | Коом, Маданият

22339429_1588088454586826_830941622101115432_o

Гүлбү Ороскул кызынын өлүмү тууралуу коомдо ар кандай кептер жүргөндүгүнө байланыштуу бүгүн анын күйөө баласы Мирзат Муканов өзүнүн социалдык желедеги баракчасына жооп жазды: «Айтпай турган сѳз эле!..
Ошентип, мамамды жерге бердик. Баш-учубузду таппай жүрүп, эми гана айрым «бузук телефон» ЖМК сѳрѳйлѳр ар кандай сѳздѳрдү (кайдан алышканын билбейм) таратып жатканы менен таанышып, анан бул маалыматты жазып коюуну туура кѳрдүм:
1. «Гүлбү ууланып ѳлүптүр, бир ѳчѳшкѳн кишиси уу бериптир, тойдон бирѳѳ ууландырып коюптур» деген сѳздѳрдү чыгарып, таратып, дѳѳрүп жаткандар! Мамамдын ички кан тамыры жарылып кетип каза болду. Кудай – берүүчү дагы, алуучу дагы экен. Эртен силерди дагы жараткан кудай – силерди дагы алып кетет, ар кандай кырдаалда.

2. «Гүлбү каза болгондо жалгыз экен, бирѳѳ ууландырып койсо кыздары жанында жок экен»,- деп, кайдагы-жайдагы сѳздѳрдү таратып жаткандар! Тилекке каршы, мамам биздин колубуздан узады. Тилекке каршы, биз менен коштошуп анан ѳтүп кетти.

3. Эгер бирѳѳ ууландырып койгону чын болсо, же баштан-аяк жанында болбогонубузда, киши колдуу болгонунан күмѳнүбүз болгондо, биз тынч отуруп калмак эмеспиз.

Кайрылуу:
1. Замандаштар! Ансыз да кара кийип, кан жутуп отурган маалыбызда мамам тууралуу оюңарга келген сѳздѳрдү оттой бербегиле! Арбакты сыйлагыла!
2. Бардык ЖМК ѳкүлдѳрү! Эгер бейиши болгур, Гүлбү Ороскул кызы тууралуу маалымат таркаткыңар келсе, бизден бир ооз тактап коюңуздар.
3. Ар кандай ушактарды жазган соц.тармактагы ФЭЙКТЕР! Анан ошол фэйктердин фейсбукка жазганын маалыматтык шылтоо (информационный повод) кылып, ага таянуу менен жарыялап жаткан ЖМК сѳрѳйлѳр, ѳзгѳчѳ, ушактын аркасы менен арам тамак таап жеген сайттар! Телефон деген бар. Бизге чалып бир ооз сурап коюу акылыңарга келген жокпу? «Журналисттик этика», «Журналисттик чеберчилик», «Маалыматты туура таркатуу» деген нерселер жок болсо дагы, «Уят», «Абийир», Кудайдан коркуу» деген жокпу силерде? Же ошол ушакты басып жаткандар, силер ѳлбѳйсүңѳрбү? «Силерди мамамдын арбагы урсун! Силер тараткан ушактын ар бир тамгасына журѳгү канап отурган жакындарынын кусуру урсун»,- деп каргабайм. Кудайдан, каргыштан, кусур уруп кетүүдѳн коркпосонор, мыйзамдан корккула! Анткени, эгер мындан ары ушак сѳздѳр кайсы ЖМКда же ЖМК сѳрѳйдѳ жарыялана турган болсо, мен жѳн койбойм. Биздин абийирибизге шек келтирген ким болбосун, сѳзсүз мыйзам алдында ЖООП БЕРЕТ!

Эскертүү!
Буга чейинки ушак таратып ийген ЖМК сѳрѳйлѳр! Кѳзүңѳрдү чоң ачып окуп, кулагыңарды тазалап туруп угуп алгыла! Ушул темага карата бул менин акыркы комментарийим болсун! Мындан ары ким жазбасын, ЖООПСУЗ КАЛБАЙТ!» — дейт өз сөзүндө.

Т.С.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: