Мирлан Каниметов: Бул мыйзам биринчи болуп “Сакалга” колдонулуп, аны…

12.03.2016 | Маек

Мирлан КаниметовИИМдин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов менен маек.

— Мирлан мырза, журналист Турат Акимовдун министр Мелис Турганбаевге бере турган маалыматы Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу деген божомолдорго кандай жооп айтасыз? Анткени, бул окуя боюнча сиздин атыңыз аталып, маалымат берген Гүлжигитти Беларусиядан алып келген деген кеп дагы деле болсо көп сөз болууда…

— Чынында Турат Акимовдун биздин министрге кандай маалымат бергиси келгенин мен билбейм. Ал тууралуу өзү да ачык айткан жок. Ошондой болсо да айрым ЖМК өкүлдөрү ушул маселеге байланыштырып жатышпайбы. Бизде сөз эркиндиги күчтүү. Ким кааласа, ошону айтып, жаза алат. Ал эми мени, биздин кызматкер Таалай Мамбеткановду Гүлжигитти алып келишкен деген маалымат чындыкка жатпасын дагы ирет кайталап айтам. Анапияевди былтыр 18-февралда өлтүрүшкөн, биз болсо Москвага аскерде бирге кызмат өтөгөн досторубуздун чакыруусу менен 22-февралда барганбыз, конок болуп алып, кайра эртеси эле келдик да. Бир самолөтто 200гө жакын киши болот экен, кимдер менен чогуу учканыңды өзүң билбейсиң да.

— Беларусия бул кылмыш ишине эч кызыкдар болгон жок. Мурда-кийин ушул сыяктуу иштер менен ортодо кызматташуу болду беле?

— Туура, Беларусия ИИМинин өкүлдөрү келебиз, Гүлжигиттен түшүнүк алабыз, териштиребиз деп билдиргени менен ушул күнгө чейин келишпеди, себептерин да айтышкан жок. Ал эми Беларуссия өлкөсү менен буга чейин ушундай өңүттө кызматташуулар болуп келгени ырас. Мисалы, 2009-жылы Дордой базарынан каракчылык кылышып, Жумар Яха деген милиция кызматкерин атып кетишкен. Ал кылмышка тиешеси бар делген бир нече адам кармалып, бир гана чечен улутундагы Илизханов деген кылмышкер Беларусияга качып кеткен. 2011-жылы аталган мамлекет Минск конвенциясынын негизинде аны кармап, бизге өткөзүп берген болчу. Андан кийин издөө салынган, кылмыш козголгон Курманбек Бакиевдерди бербей жатышпайбы.

— Бүгүнкү күндө Гүлжигит ИИМдин кайтаруусундабы? Айбек Абдыразаков, Сайдиев тууралуу эмне айтасыз?

—  Убагында кайтарууда болгон, андан кийинкисин мен чынында билбейм. Абдыразаков Бакиевдин тушунда ушул мен башкарган башкармалыкты жетектеп, Жаныш Бакиевдердин жакын санаалашы катары, алардын көрсөтмөлөрүн аткарып турган да. Бүгүнкү күндө Беларусиянын жарандыгын алып алган. Садыркуловду өлтүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар. Анапияевди өлтүрүү боюнча кылмыш окуясында да катыштыгы бар экени аныкталып, маалыматтар чыкпадыбы. Чечен улутундагы Рустам Сайдиевдин дагы катыштыгы бар. Бирок, бул маселеде Беларусия тарап маалыматтарды бербей, бул ишке кайдыгер карап коюшту.

— Түшүнүктүү. Эми сиз жетектеген башкармалыктын бүгүнкү күндө аткарып жаткан негизги иштери тууралуу уксак?

— Биздин негизги милдетибиз — уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү, коомдогу тартипти сактоо. Бул милдеттерди кудай буйруса, өз деңгээлинде аткарып жатабыз. Бүгүнкү күндө жалпысынан мамлекетибизде уюшкан кылмыштуу топтор өз кызыкчылыктары үчүн бир аз баш көтөрүшкөнү менен, биздин тыкыр көзөмөлдө. Ашыкча кыймылдап, жалпы коомчулукка зыян келтире алышпайт деп ишенимдүү айтсак болот. Бир нерсени баса белгилеп айтып коөюн. Ушу тапта 2013-жылы кабыл алынган уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүргүзүү боюнча мыйзам кудай буйруса, талапка ылайык ишке киришти. Бул мыйзамдын негизги мааниси мындай: кимдир бирөө тууралуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген ыкчам маалымат түшсө, ага биринчи эскертүү берилет. Экинчиси, каттоого алуу, үчүнчүсү, тыюу салуу, чараларды көрүү. Жалпыга белгилүү болгондой, УКТнын мүчөлөрү эч жерде иштебейт. Бирок, минген машинелери, үйлөрү өтө кымбат. Мына ушул маселени тактоо үчүн УКТнын мүчөлөрү, алардын жакындары декларация толтурушат. Каттоого алынгандарга телефон колдонууга тыюу салынат. Кечки саат 6дан эртең мененки 8ге чейин үйдө болушу керек. Мына ушнун баарын биздин башкармалык көзөмөлдөйт.

— Ал мыйзам кандай себептер менен ушу күнгө чейин иштебей келди?

— Ар кандай себептер болду да. Көбүнчө мурунку жетекчилердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду дегендей. Мыйзам иштеш керек болчу. Бирок, бул боюнча УКТнын мүчөлөрүн эч ким каттоого койгон эмес. Бул мыйзамды биз биринчи жолу быйыл 8-февралда Биринчи май райондук соту аркылуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Улан (каймана аты “Сакал”) Токтосуновго мурда козголгон кылмыш беренесине кошумча кылып колдондук. Кудай буйруса, бул мыйзамды жакшы иштетип алсак, жыл аягына чейин УКТнын ондогон мүчөлөрүнө колдонобуз.

— “Сакал” Түркиядан “мыйзамдагы ууру” болуп шайланып, атайы өзү келип, колго түшүп бербедиби. Аны аэропорттон тосуп алууга “каралардан” 100дөн ашуун адам барса, силерден да 50-100гө жакын кызматкерлер барганы чынбы?

— Ага киши өлтүрүү боюнча кылмыш козголуп, издөө жарыяланган. Анан ал узак убакытка качып жүрө берип, кылмыш дүйнөсүндөгү статусун жоготуп албайын, андан көрө түрмөдө болоюн деген чечимге келсе керек. Негизи кылмышкерлер үчүн түрмө өз үй, өлөң төшөгү да. Аны тосуп алууга бизден ашып кетсе 10-15 опер кызматкери барды. Чогулган балдардын саны силер айткандай көп эмес. Анткени, биз көзөмөлгө алып турдук. Токтосуновдун жанында “жактоочумун” деген бирөө болгон, бирок текшере келгенде ал эч кандай жактоочу экени аныкталган жок. Бүгүнкү күндө ал соттун чечими менен Нарындагы тергөө абагына камалды.

— “Сакал” өзү түрмөнү бүт колго алуу үчүн Лимонти олтурган №1 СИЗОго олтурууга абдан аракет кылганын сиз жакшы билесиз да…

— Бул маселени биз көзөмөлдөбөйбүз. Лимонтиби, Сакалбы, башкасыбы, айтор биз үчүн баары эле бирдей кылмышкер. Кайсы түрмөгө олтурат, бизге айырмасы жок.

— Буга чейин сиздер тараптан “Көлбаевдин тобу”, “Батукаевдин тобу”, “Бокушевдин тобу”, “Абакировдун тобу” делип төрткө бөлүнүп айтылып келбеди беле. Бүгүнкү күндө деле ушинтип айтасыздар да?

— Туура, антип айтылып келген. Анткени, бул топтор биздин өзүбүз иликтеп, түзгөн тизме боюнча айтылчу да. Эми жогоруда айткан жаңы мыйзам боюнча аталган топторду, анын мүчөлөрүн жаңыдан катттого алмайынча расмий түрдө айтпайбыз. Бул боюнча тиешелүү иштерди дагы да жүргүзөбүз. Бирок, кандай болгон күндө да алар биздин өзүбүздүн тизмебизде кала беришет.

— Мына ушул топтордун ичинен Камчы Көлбаевдин тобу бир топ активдүү экени белгилүү. Анын тобунда мүчө болгондор делип көп эле балдар кармалып жатат го. Ушу тапта Көлбаев өзү кайда?

— Кыргызстанда эле. Ал жана анын тобу кандай аракет кылышса да, баары тең биздин катуу көзөмөлдө. Кылмыш кылгандар кимдин тобу болсо да, тез аранын ичинде кармалып, өз жазасын алышат.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: