Домой Саясат Мирбек Айтикеевдин камалганы тастыкталган жок

Мирбек Айтикеевдин камалганы тастыкталган жок

27

Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеевдин камакка алынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ал Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экенин билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Дмитрий Ложниковдор журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылат.

12-августта айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева буга чейин Кой-Таштагы окуялар боюнча ИИМге күбө катары сурак берип чыккан.

Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришти.