Домой Саясат Министрлик: Чек арада жабыркагандарга операция жасалат

Министрлик: Чек арада жабыркагандарга операция жасалат

2

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Бишкекке алынып келингендердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда үч киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жабыркаган бешөөнө бүгүн пландуу операция жасалат.

Мындан сырткары Лейлектин аймактык ооруканасында чек ара аймагындагы атышууда жарадар болгон үч жаран дарыланууда. Алардын экөөнүн абалы туруктуу оор деп бааланып жатат. Маалыматка караганда, бирөөнүн абалы оор жана эсине келе элек.

Бардык жабаркагандарга керек болгон дары-дармек берилүүдө. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон Баткендеги Максат айылынын алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кыргызстандык бир аскер кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алды. Мекеме чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, ага кошумча миномёттон аткылаганын кабарлады.

Тажикстандын чек ара күчтөрү болсо “окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болду” деп билдирүүдө.

Булак: Азаттык