Домой Саясат Министр Чолпонбаевге баары бирби?

Министр Чолпонбаевге баары бирби?

6

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге карата Жогорку Кеңештин комитетинде гепатитти дарыгерден жуктурган адам чыркыраган чындыкты айтып министрди жемеледи. Ал өз сөзүндө: «Мен тишимди алдырып жатам, бир жерим кесилип калат, мен силерге жуктуруп жатам, силер түшүнүшүңөр керек, ыйлашым керек болуп жатат. Аны алып келип сатып мен бизнес кылгым келген жок.

Мен болгону силерге жугуп калбасын деп вакцинацияны сурап жатам. Вакцинация сайдырып алгыла. Коммерцияга эмес, мамлекет өзүнө алсын. Мамлекет өзүнө алмайын бизнес боло берет. Эми мага окшогондор 100 миңден. Менин бир эле тамчы каным жукса сактана албайсыңар, мага окшоп миңдеген, миллиондогон акча сарптасаңар дагы. Министр же кааласаңыз сизге жуктуруп коеюн. Же жакшы уктай албайсың, же жакшы жашай албайсың. Ар бирибиз өзүнчө тилемчи болуп Индияга кетип жатабыз, барып алмаштырып келели деп.

Гепатит Д болгонума мына билбейм дагы канча жашайм. Бир жылдан бери жүрөм, мен боорумду алмаштырганга акча сураган жокмун, менин суранганым жөн гана жөнөкөй жарандарга вакцинация салып бергиле» — деп каңырык түтөттү. Тилекке каршы, министр башым деген жок. Дары бизнесин жүргүзүп, ал үчүн УКМКнын СИЗОсунда отуруп чыккан немеге чыркыраган чындык чиркей чакканчалык болгон жок көрүнөт.

Булак:Фабула