Домой Саясат Милиция Бишкектеги калайман мушташты териштирүүдө

Милиция Бишкектеги калайман мушташты териштирүүдө

1

Социалдык тармактарда он чакты киши мушташып жаткан видео тарады. Анда ур-токмокко кабылган эки киши жыгылып, жатып калганын көрүүгө болот. Мушташ Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда, 18-ноябрда болгону жазылган.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Буга чейин ушундай мушташта адамдар оор жараат алып же ажалы жеткен учурлар катталган. Ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, үчөө ооруканага түшкөн. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болгон. Сентябрдын башында Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосу Интернетке тарап, мушташтан эки киши катуу жабыркаганы белгилүү болгон. Эки киши кылмышка шектүү катары кармалган.

Булак: Азаттык