Метин Кылыч: Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1млрд доллар соода-сатыгы бар

12.03.2016 | Маек

Алмазбек Атамбаев жана Метин Кылыч

Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси менен маек.

— Метин мырза, акыркы жылдардагы кыргыз-түрк мамилесине кандай баа бересиз?

— Кыргыз-түрк мамилелери­нин пайдубалы Түркиянын 24 жыл мурун Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, Бишкекте биринчи өз элчилигин ачкан өлкө болгондугу менен түптөлгөн. Ошол учурдагы жакындык, 150 жылдан кийин бир ата-бабадан тараган боордошторубузга болгон кызыгуу кайрадан жанданган десек болот.Бүгүн дагы эки өлкө арасында саясий, маданий, соода-сатык, билим, илим жана ар бир тармакта курулган жакын мамилелер дагы да өнүгүп келе жатат. Бүгүн Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгы ар тармакта эки тараптуу болгондой эле БУУ, НАТО, Европа Кеңеши, ОБСЕ, Экономикалык кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму, ЮНЕСКО, Түрк Кеңеши, Түрксой, Түрк парламенти сыяктуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар алкагында да тыгыз жүргүзүлүп келе жатат.

— Сиз Кыргызстанга элчи болуп келгенден бери товар айландыруу канча пайызга көбөйдү?

— Соода көлөмүн толугу менен канча экенин өлчөө оңой эмес. Эки өлкө арасында абдан көлөмдүү соода-сатык мамилелери бар. Анткени, кыргыздар дайыма жакшы жана сапаттуу товарларды баалашат, ушул себептен түрк товарларын сатып алып колдонушат. Айрыкча, кыргыздар абдан жакшы соодагерлер. Түркия жана башка жерлерден сатып алган товарларды башка өлкөлөргө сатышат. Ошондуктан соода-сатык көлөмүбүз акыркы эки жылда көбөйүп, 500 миллион АКШ долларына жетти. Бирок бул расмий соода көрсөткүчү, башка формаларда (“челноктор”) жүргүзүлгөн сооданы камтыбайт. Биз расмий жана башка соода көрсөткүчтөрүн кошсок эң аз дегенде 1 миллиард долларга жакын соода-сатык көлөмү бар деп эсептейбиз.

— Соода-экономика жаатында кандай иш-чаралардын үстүндө иштеп жатасыздар?

— Экономика тармагында эң чоң аракетибиз — түрк капиталын Кыргызстанга алып келүү болуп саналат. Кыргызстанда жумушчу акысы жана электроэнергиянын баасы менен салыктын көлөмү төмөн. Бирок, капиталды алып келүү үчүн жалгыз булар жетиштүү эмес. Ошол эле учурда инвестиция кыла турчуларга оңой жер табуу, расмий иштерди бир эле борбордо топтоо жана белгилүү учурда салык жеңилдиктерди берүү сыяктуу шыктандыруу иштери да жасалышы керек. Бул шыктандыруу иштери болбосо, чоң инвестициялар келбейт. Мындан 30 жыл мурун биз Түркияда да “эмнеге тыштан инвестицияга жеңилдик берели, эмнеге жер бөлүп берели”, — деп сураган жана тыштан инвестиция келгенде да аларды салык жана башка талаптар менен кыйынчылык бергендер болгон. Ошондуктан түрк экономикасы өнүкпөй жаткан. Ал эми бүгүн болсо дүйнөдөгү эң чоң ишканалар өзүлөрүнүн фабрикаларын Түркияга көчүрүп келишип жана Түркияда өндүрүлгөн товарларын бүткүл дүйнөгө таратып жатышат. Ушул чет өлкөлүк ишканалардан ишти үйрөнгөн түрк фирмалары да азыр эл аралык деңгээлде иш алып барган фирмаларга айланышты. Ушул себептен Түркия дүйнөнүн 17-чи чоң экономикасына ээ болгон өлкө болуп калды.

— Талас облусунда өстүрүлгөн фасолду Түркияга экспорттоо боюнча маселе көтөрүлүп атты эле. Бул боюнча иштер каралып жатабы?

— Биздин максатыбыз да Кыргызстандын Түркияга саткан товардын көлөмүн көбөйтүү жана түрлөнтүү. Ушул максат менен түрк фирмалары Таластагы фермерлерге төө буурчактын уругун берип, өндүрүп алган төө буурчактарды кайрадан сатып алышты. Таластан алынган төө буурчактар Түркияга алынып барылат, эгер Түркиянын муктаждыгы жок болсо, бул төө буурчак Орто Чыгыш жана Латын Америка өлкөлөрүнө сатылат. Дүйнөнүн дан биржасы Түркиянын Мерсин облусунда жайгашкан. Талас төө буурчагын түрк фирмалары менен кошо Сербия, Македония, Косовонун фирмалары да сатып алышат. Төө буурчактын алынышы Түркиянын муктаждыгына жараша болгонуна байланыштуу кээ жылдары көп, кээ бир жылдары аз алынат. Ошондуктан Кыргызстандан ала турчу жаңы продукцияларды издеп жатабыз. Кыргыз өрүгү жана жаңгагы ушул жаңы продукциялардын арасына кирет. Кыргыз өрүгүн алуу менен бирге Кыргызстанда өрүктү кургатып, шоколад же башка продукциялар менен кооздоп (башкача айтканда иштетип) сатууну үйрөтүү жана ушул ишти аткара турчу завод жана технологияларды алып келүү үчүн иштеп жатабыз. Ушинтип Кыргызстан өзүнүн өрүгүн кургатып узак мөөнөт сактай алат жана кайрадан иштетип башка өлкөлөргө да сата алат.

— Азербайжан Республикасы Ысык-Көлгө бир нече жүз миллион долларга 5 жылдыздуу пансионат салдырган жатат. Анталиядагыдай кылып Ысык-Көлгө түрк боордошторубуздун эс алуусу үчүн 5 жылдыздуу пансионат курдуртса болобу?

— Туризм — кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн абдан ыңгайлуу болгон тармак. Аны менен бирге туризм тармагында түрк капиталынын көлөмү чоң. Ушул капиталды тартып келүү үчүн жердин берилиши, ачуу иштеринде жеңилдиктер сыяктуу шыктандыруу зарылчылыгы бар. Түркияда туризм тармагы жыл сайын 50 миллион туристти кабыл алат. Айрыкча Түркиянын туризм фирмалары Венеция, Мальдивдер, Испания сыяктуу жерлерде чоң отелдерди ачып жатышат. Булар 5 жана 7 жылдыздуу отелдер. Буларды Кыргызстанга тартып келүү үчүн көптөгөн жеңилдиктердин берилиши жана шыктандыруу иштери жүргүзүлүшү керек. Кыргызстандын кооздуктарына жана тарыхый жерлерге түрк туристтерин алып келиш үчүн кыргыз ишкерлери Кыргызстандагы түрк ишкерлери менен биргелешип 3 же 4 жылдыздуу отелдерди ача алышат. Ушунун жардамы менен түрк туристтери Кыргызстанга келүүсүн камсыз кыла алышат.

— Эми маданият тармагына өтсөк. Илим-билим, техника жана маданият жаатында эмне иштерди аткара алдыңыз?

— Маданиятыбыз бир болгондугу үчүн эң көп ушул тармакта тыгыз иштешибиз керек. ТҮРКСОЙ кыргыз жазуучуларынын китептерин түрк тилине которуу иштерин алып барат. Айрыкча, түрк Маданият министрлиги да түрк жазуучуларынын китептерин кыргыз тилине жана кыргыз жазуучуларынын китептерин түрк тилине которо турчу жана бастыра турчу кишилерге акчалай түрдө шыктандырат. Кыргыз-Түрк «Манас» университети көптөгөн чыгармаларды которуп басып чыгарды. Келе жаткан жылдын май айында Түркияда Кыргыз маданият аптасы сыяктуу көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Ошол эле жылдын сентябрь айында да Кыргызстанда Түрк маданият аптасы өткөрүлөт.

— Кыргызстанга келгенден бери кыргыз тилин канчалык деңгээлде өздөштүрө алдыңыз?

— Кыргыз тили, түрк тили деп бөлүүнү туура көрбөйм. Булар бир үй-бүлөнүн тилдери. Биз Стамбулга, Анталияга барып бир эле тилде бири-бирибизди түшүнүшө алабыз. Бишкекке, Ошко, Таласка барып ошол эле тилде иштерибизди бүтүрө алабыз. Астана, Мерве, Баку, Самарканд, Кашкарга барганда ошол эле тилде сүйлөсөк эч ким кайсыл тилде сүйлөшүп жатасыз деп сурабайт. Мен орус тилин билбейм. Кыргызстанда ресторанга барганда официантка мени менен кыргыз тилде сүйлөш деп айтамын. Ушинтип бири-бирибизди оңой эле түшүнүшүп алабыз. Тилдерибизди бири-биринен бөлсөк Түркиянын Кайсери облусунда эмнеге Талас району бар экендигин, Анталиянын эң кооз жана туризм районунун аты эмнеге Белек экенин түшүндүрө албайбыз.

— Соңку суроо болсун, сиздин дипломатиялык карьераны тандап алууңузга эмне себеп болду?

— Чындыгын айтканда, элчи болуу мага чоң мүмкүнчүлүк болду десем болот. Университетте 3-курста окуп жүргөнүмдө бир элчи келип саясий тарых сабагын окутуп баштаган эле. Ал элчи менин бул кесипке болгон сүйүүмдү ойготту, кызыгуум да башталды.

 

Маектешкен:

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: