Мелис Турганбаев: Мен бул иш боюнча эч кандай кадамдарга барбайм

12.03.2016 | Маек

Мелис Турганбаев

Журналист Турат Акимовго байланыштуу чуулгандуу иш коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Бул окуяны ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алышууда. Окуянын чоо-жайы калктын калың катмарына жеткиликтүү болгон соң, алардын баарын кайталап жазып олтурбай, Акимов мырза күнөөлөп жаткан Ички иштер министри Мелис Турганбаев менен байланышып, коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп алдык.

— Мелис мырза, Турат Акимовго кол салуу окуясы боюнча бир аз суроолорубузга жооп берсеңиз? Ал бул ишти сизден көрүп жатпайбы. Анын бул билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз?

— Жалпы коомчулукка белгилүү болгондой, мен мындай жалаа жабууларга көнүп деле калдым. Жөн эле, кадыресе кабыл алдым. Себеби, буга окшогон асылуулар, жалган билдирүүлөр көп эле болду да. Акаев, Бакиевдин учурунан бери эле мага асылуулар токтой элек. Ошондой болсо да, көптөгөн кыйынчылыктарга, жалган окуяларга, ар кандай сыноолорго, соккуларга туруштук бердик да.

Чынында мен Турат Акимовду жакшы деле тааныбайм, журналист катары атын угуп жүргөм. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай жаман-жакшы мамиле болгон эмес. Ал мен тууралуу ушу күнгө чейин жаман-жакшы макала жазганын окубаптырмын дагы, укпаптырмын. Ортобузда эч нерсе болбосо, мен ага кол салдырып жинди болуптурмунбу? Өзү деле мени күнөөлөп чыгардан мурун жакшылап, терең ойлонсо болмок.

— 18-январь күнү сиздин иш бөлмөңүздө экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне сөз болду эле?

— Кайсы күн экени так эсимде жок. Ал менин жардамчыма телефон чалып, мага келген. Өзүн тааныштырып: “Менде бир окуя боюнча маалымат бар. Бир адам келиш керек эле, ал азыр Москвага кетип калыптыр” — деди. Экөөбүз мына ушундай өңүттө эле сүйлөшкөнбүз. Ал болсо, «жаздырып алганым бар, катуу кетти, ал эле, бул эле» — деген сөздөрдү айтып жатпайбы. Калп айтып жатат го. Андай болсо жаздырып алганын алып чыгып, коомчулукка угузбайбы? Негизи менин мүнөзүмдө кек сактамай жок. Мен тууралуу көп эле журналисттер такыр чындыкка дал келбеген маалыматтарды жазып эле жатышпайбы. Мен алардын бирөөнө бир катуу сөз айткан жокмун. Жаза беришсин. Эл кайсы маалымат туура, кайсы маалымат туура эмес, өзү талдап алат. Акимовду көпчүлүк түз эле жүргөн жигит болчу деп айтып жатышат. Менимче, анын аркасында же бул ишти уюштурууда кимдир бирөөлөр турат го дейм. Өзү деле мынчалык ишке барбайт го…

— Мисалы, кимдер турат деп ойлойсуз?

— Ким билет эми. Жаз келатпайбы? Эскини эңсегендер, болбогон ишти болтургусу, ошого элдин көңүлүн бурдургусу келгендер бар да. Өзүн ашыкча пиар кылгысы келгендер көп эмес. Бул жагын мен эле эмес, эл да жакшы түшүнөт. Балким, Акимовду мындай ишке түрткөндөр бардыр. Кандай болгон күндө да, бул кылмыштуу иштин чоо-жайын ачабыз. Мына ошондо мындай ишке аралашкандар ачыкка чыгып калышы толук мүмкүн. Балким бул иште кандайдыр бир саясый күчтөр бардыр.

— Бул окуяга ИИМ болгону бейбаштык беренеси менен кылмыш козгоп койгонун сындагандар да бар. Бул жерден сиздер тараптан ката кетип калган жокпу?

— Негизи биринчи факт болсо, ошону менен кылмыш иш козголот да. Биздин балдар алгач кылмыш козгошту. Анан жабырлануучу арыз жазып, иштин чоо-жайы аныкталгандан кийин тиешелүү беренелер боюнча да кылмыш иши козголот. Бул иште деле ошондой болот. Анын үстүнө мен 24-февралга чейин кыска эмгек өргүүдө болчумун. Президентибиз да бул ишти өз көзөмөлүнө албадыбы, ал айткан тапшырмалардын баары аткарылат. Өзүнө сураган сакчылар боюнча да талабы аткарылат. Тиешелүү тараптар талапка ылайык иштеп жатышат.

— Сиз бул маселе боюнча кандай кадамдарга барасыз?

— Эч кандай кадамдарга барбайм. Сотко да кайрылбайм. Себеби, менин бул иште эч кандай тиешем жок. Кыргызда, “ак ийилет, бирок сынбайт” деген мыкты сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, менин корко турган эч нерсем жок. Бул ишти ишенбей, туура эмес кабыл алгандар да көп. Мен чындык тарапта болгондордун баарына рахмат айткым келет.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: