“Маша жана аюуну” кыргызча сүйлөткөн Жыргалбек Ажиматов каза болду…

13.10.2017 | Коом

22405866_1189540244480077_1048886457285479223_n

Белгилүү “Маша жана аюу” мультфильмин кыргыз тилине которуп бөбөктөрүбүзгө тартуулаган Жыргалбек Ажиматов каза болду. Бул туурасында Фейсбук баракчасынын колдонуучулары билдирип, анын жакындарына кайрат айтышууда.

Маалыматтарга караганда Жыргалбектин боору ооруп жүргөн. Ажиматов күн мурун, 12-октябрда каза болду.  Сөөгү Оштогу Кара-Суу районунда жерге берилет. Анын артында 5 баласы калды. “Башы толо эле идея болчу. Көп сүйлөшүп, сырдашып, алдыга койгон максат-тилектерди такташып жүрчү элек. Келинчеги Жазгүлдүн илимий иш менен алектенейин деген изги оюн колдоорун, андан жакшы окумуштуу чыгат эле деп кыялданаар эле. Бирок, бир да жолу ооруусу туурасында айтпаптыр. Эзели жөн отурбаган, адабият, тарых, тил, котормо маселелери менен бир топ алектенип да жүрдү. Өкүнүчтүүсү, көп иштери, максаттары ишке ашпай калган. Өмүрү кыска тура. Эми жаткан жери жайлуу болсун», — деп жазган акын жана драматург Айшат Чороева.

Жыргалбек Ажиматов фразеологизмдер жана идиомалардын кыргызча-англисче 2 сөздүгүнүн автору.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: