Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: «Бабакулов жалган маалыматтарды таратып, эл ичине жик салууда”

05.06.2017 | Маек, Саясат

Марат Казакпаев   —          Марат мырза, Улукбек Бабакулов деген журналисттин өзбекти кыргызга каршы тукурган макаласы коомчулуктун катуу сынына кабылды. Сиз аталган журналисттин мындай кадамын кандай баалайсыз?

—          Бабакуловдун буга чейин деле чагымчылдык менен алектенип келгенин жакшы билебиз. Жумшартып айтканда, ал уяты жок журналист. Ошол үчүн да ал ушундай жалган маалыматтарды таратып, эл ичине жик салып жатат.

—          Негизи эле Кыргызстанда улут аралык мамиле кандай? Бабакулов айткандай кайсы бир этностун өкүлдөрү кодуланып жаткан жокпу?

—          Бизде улут аралык кырдаал туруктуу. Эч кандай чыр-чатак деле жок. Бабакулов болсо кыргыздарды мыкаачы көрсөтүү менен улут аралык чатакты козутуп жатат. Бул эми өз ишин так билбегендик же атайын бир максатты көздөп чагымчылдык жасоо. Бир болбогон комментарийди кооздоп, ага кошуп сенсация кылуу туура эмес. Адамда уят деген болушу керек да. Бабакулов кантип мындай кадамга барганына акылым жетпей турат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: