«Манас» сенин дилиңди бийлесин

13.02.2017 | Аналитика

Ыя, «Манасты» жараткан эл оңой эмес го! Аны канча билсек да ошончо убак таң калганыбыз уланып келет.

Манас

Дүйнөлүк эпосторду алсак, айталы, «Шах-Наме», «Махабхарата», «Калевала», «Сигизмунд жөнүндө поэма», «Илиада», «Одиссея», «Алпамыш», «Жангар», «Жолбор терисин жамынган баатыр», «Игордун кошууну жөнүндө ыр»,  ж.б. баары «Манастын» бучкагына теңелбейт экен! Маселе чыгарманын көлөмүндө гана эмес, анын терең, масштабдуу маанисинде эмеспи. Эпосто адамзатка жана адамдарга тиешелүү бардык маселер, көрүнүштөр, идеялар айтылып биздин кулакка куйган эмеспи… Бирок, баарыбыздын эле кулакка куюлбаптыр. Маселен, «Манасты» окумак турсун колуна кармап койбогон адамдар, алардын арасында чоң кызматтарда иштеген  «маңкурт» немелер бар. Мына ошолор жок эле дегенде Манастагы негизги окуяларды үстүрт билгенге да кызыгып койбоптур да. «Манас» десе кыргызды, кыргыз десе «Манасты» түшүнүп калган кезде ошол Залкар, Улуу, Ыйык чыгарманы колуна бир кармап барактап койбогондор маңкурт эмей эмне! Кызыгың кур, ошол «Манас» жөнүндө түшүнүгү жок неме, эл алдында сүйлөп аны мисалдатып жатпайбы! Ушундай да наадандар болот!  Орус мектептерде окуган балдарыбыз «Манастан» түшүнүгү жок. Ал эми «Игордун кошууну жөнүндө поэманы» жакшы билишет. Баса, ушул чыгарманы СССР курамындагы республикалар гана эмес, ошол кезде социалисттик мамлекеттердин катарына киргендердин баары окушкан, орустардын  «маданий» өкүм зордугу менен окушкан.

…Анда кичүү уулум мектепте окуйт, «Манастын» 1000 жылдыгы өткөн убак. Ошондо уулум бир анекдот айтат орус балдардан уктум деп: «Манас менен Муромец ким күчтүү деп мелдеше кетиптир. Анан Манас Муромецти төбөгө койсо, ал тизесине чейин жерге кирип кеткен экен. Анан Муромец Манасты төбөгө койсо, ал байкуш жерге кирип кетип 1000 жылдан кийин араң чыгыптыр». Мына орустун идеологиясы! Комментарийдин кереги жок!

Эми «Манас» айткандардын тарыхына келе турган болсок, айталы Сагынбай менен Саякбайда илимий жол менен да, божомол менен да, болумуш менен да түшүндүрө албай тургандай бир касиет бар. Ойлоп көрүңүз 500 миң сап ырды бир башка батырууга, анан аны жатка айтуу сыйкыр дүйнө кошулбаса,  ушул реалдуу дүйнөгө шайкеш келбейт го, ушул дүйнөгө сиңип бербейт го! Жараткан берген манасчылар жогорудагы эки манасчы менен бүткөн эмеспи.  Ал эми кийин чыгып өпөңдөгөн манасчылар жаттап айтат, ага кошумча аларда төкмөлүк талант бар дегендей… «Түшүмө кирди, анан ошондон «Манас» айтып калдым» дегендер да көп. Кирсе киргендир, түшкө эмнелер гана кирбейт. Азыркы манасчыларды  «Манасыбызды» калың журтка жеткирүүчү таланттуу  адамдар катары баалап, бапестеп туруу кажет.

Ооба, кандай гана көркөм чыгарма болбосун ошондо айтылган маанилерге, идеяларга окуган адамды тартуу. Маселе, ошол чыгарманы кургак эле сиңирип, баланча деген окуя болгон дегенде эмес, маселе ошол чыгармада айтылган жакшы ой, пикир, идея, анын кеңири философиясы сенин дилиңе жеткендей болсун, сен ошолорду баскан жолуңда колдон.

Манастын, Чубактын, Сыргактын, Алманбеттин, Семетейдин, Күлчоро менен Сейтектин  баатырдыгы, Кошойдун, Акбалта менен Бакайдын акылмандуулугу, Чыйырды, Каныкей, Арууке, Айчүрөктүн асылбаа аялзаттыгы, энелик касиети жана башка сапаттары сенин дилиңе жетип ошолордой болууга умтулуп турсаң, аны менен бирге Жакыптай сараң, Канчоро менен Чачыкейдей чыккынчыны жек көрүп, Абыке менен Көбөштөй көралбастардын, өздөн чыккан жаттардын турпатын түшүнүп, «кудай мени ошолордой кыла көрбө» деп тиленип турсаң… чыгарма милдетин аткарды деп билели.

Кыргыздын тыңчыкмалары Бексултан Жакиев, Мар Байжиев,Кеңеш Жусупов, Абдылдажан Акматалиев, Жайнакова жана башкалар «Манасты» элге жеткирүү үчүн күчүн жумшап келет. А эмне «Манасыбыз» бирөөнө керек, башкабызга кереги жокпу?! Ооба, көроокаттын кара сазына батырган турмуш келип турат. Азыр байлык менен бийликтин артынан жүгүрүү бардык асылбаа сапаттарбызды жеп-жутуп жатканы! Дал ушундай кыйын кырдаалда бизди «Манас» баш болгон чыгармалардагы философиясы жардам бербейт беле!

«Манастан» кийинки, кенже эпос деген сыпаттаманы алып жүргөн «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш», «Кедейкан» сыяктуу эпостордун да бизге берип келген жана бере турган түбөлүк уланып турчу жакшы  жактары бар. Атаганат ушуларды да бала-чакабыздын дилине сиңирсек кана?!

Баарыбыз эле билебиз, кандай гана көркөм чыгарма болбосун тарбиялык мааниге ээ. Андай касиетке жакшы гана чыгарма эмес, начар жазылган чыгарма деле алына жараша жарап берет. Биздин муундун өмүрү көркөм китеп менен жолду бир басты. Көпчүлүгүбүз окуган чыгармаларды дилибизге сактап алганбыз, унутулганы да бар. Ошол чыгармалардагы каармандар азыр да жаныбызда,  биз менен кошо жашайт. «Бул туура, тигиниң жаман…» деген сымал акылын, кеңешин айтып турат. Эпосторду көңүлгө калтырып, ошол каармандардын азын эстеп коёлу: Каныбек, Анархан, Түлкүбек, Жапар, Жамийла, Курман, Садык, Бекназар, Абил бий, Кожонасредин, Сүткор Жафар, Болот,Танабай, Ыманбай, Темир, Том Сойер, Дон Кихот, Гулливер, Санча Панса, Дартаньян, Пышка, Пугачев, Старозуб, Тарас Бульба, Андрий, Остап, Чапаев, Павел Корчагин, Олег Кошевой, Сережа Тюленин, Уля Шевцова, Мересьев, Дядя Степа, Машырбек, Эштек… Мындай каармандарыбыз жүздөп саналат. Азыркы жаштардын да каармандары бар аларды мультфильмдерден, тилеги бузук кинолордон, интернеттен алышат. Баардык  каармандар эр жүрөк, тегерегиндегилерди кырып-жоюп турат! Эми бул жакка тереңдеп кириштин өзү туура эмес. Бир сөз менен айтканда азыркы жаштардын каармандары дилге жакшылык алып келе албайт, мыкаачылыкка,  зордукчулдукка, таш боордукка, өзүмчүлдүккө… гана тарбия бере алат!

«Манасты» жараткан элдин урпактары чыгармачыл болбой коймокпу. «Кыргыздын ити да обон менен үрөт» демекчи, биздин эл чынында да таланттуу… Азыр баам салып карасаңыз китеп чыгарган адамдар оголе көп. Кимиси кандай жазуучу, акын, драматург экенин оңой менен ажырата да албайсың. Бул жаман көрүнүш эмес. Бирок, ошол жараткан чыгармалары кандай? Алар окурманга таасир бере алабы, жок эле дегенде бир кичине, кипкичине идеялык жакшылык алып келе алабы? Маселе ошондо! Бизде көркөм чыгарма менен алектенген адамдар чыгармаларын жакшыртуу жолдорун издегенден көрө, 50, 60, 70, 80… жашка чыкканда кайсы бир сыйлыкты, наамды алып калуу жөнүндө жан сабайт. Алардын оюнда баланчага чыктыңбы, наам, сыйлак алыш керек. Өзүнүн баланча жашка чыгып алганын тим эле күч кылат! Наам, сыйлак бербесе өлүп берүүдөн кайра тартпагандай маанайда жүрөт! Азыр жазуучу , акын аты бардын көбү «маданиятка эмгек сиңирген ишмер», «Эл жазуучусу», «Эл акыны» болуп алышкан. Төмөндөгү тизмени карап коёлучу, уяттуу адамдардын бети кандай гана кызарат экен: Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова, Өскөн Даникеев, Гүлсайра Момунова, Кеңеш Жусупов, Калканбай Ашымбаев, Токтосун Самудинов, Төлөгөн Мамеев, Сүйөркул Тургунбаев, Шайлообек Дүйшеев, Мелис Абакиров, Анатай Өмүрканов, Надырбек Алымбеков,  Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов,  Кыялбек Урманбетов, Меңди Мамазаирова, Асан Жакшылыков, Кожогелди Култегин, Султан Раев. Ал эми көзү өтүп кеткен «элдик» жазуучулар, акындар толтура…   Болуптур, наамдын баарын алсын, бирок, ошого жарашкан мыкты чыгармаларды бериш керек го… Жогоруда аты аталгандардан беш-алтоо чыныгы элдиктир…

Эми мени жаман көргөн акындар менен жазуучуларды өз ишиңер дейин, кийинки жылдарда Шайлообектин «Агындыларындай» жумурай журт талаша-тамшанып окуган китеп жаралбай турат. Өзүн мактаган, өңгөнү мактаган, жарымы жалган, жарымы чын… китептер азыр батпай кетти. Алардын окурманы да жок, андайды токтотууга жол да жок. Ушундай зыяны деле анча эмес, пайдасы таптакыр жок абал…

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: