Мамонттор бизде жайылыптыр го…

28.03.2016 | Коом

мамонттун калдыгы

Жакында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Орлиное деген айылынын тургундары Жыргалаң суусунун жээгинен мамонттун сөөгүнө окшогон сөөк таап алышканы аталган облус үчүн эле эмес, өлкөбүздөгү өзгөчө жаңылык болду. Ага баарыбыз кызыгып,  ал тургай кай бирлер кызыкканынан анын кайсы бир бөлүгүн үйүнө чейин көтөрүп кетишкен экен.

мамонттун калдыгы 2Табылганы тасмага тартып жатканда, көз алдыбызда мүйүздүн бирин тургундар көтөрүп ийип, күнгө куураган неме упурап түшүп калганын да көрдүк. Айтор, бул аракеттин баары аны бүтүн боюнча сактап калуу жагы көпчүлүктү кызыктырбай,ал жөнүндө маалымат алууга, бир көрүп коюуга кызыккандай элес калтырды. Кийин гана, бир мүйүз сынган соң ал жер милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынды. Биз бул жерге барганда, айыл башы окумуштуулар кечигип жатышканын айтып, алар кечигип жатканын каражаттын жоктугуна байланыштырууда деп билдирген. Кийин ага археологдор келгенин билүү үчүн телефон чалсак, баарынан тажаган неме: “Ошо археологдорду күтүп жатабыз, келсе болот эле” — деген жооп айтып жатты.

Табылганы тургундар 10-мартта ачып көрүшкөн болсо, ал тууралуу 12-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат таркаган. Окумуштуулар болсо, 18-мартта гана келишти. Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева жана атайы эки адис келип, учурда казуу иши улантылып жатат. Алар баш сөөгүн казып бүтүштү. Окумуштуулар баш калаага баш сөөгүн изилдөөгө алып кетүүнү пландоодо. Угушубузга караганда, алар дагы өз каражаттары менен келишкен. Биз ошол табылганы окумуштуулардын колуна бүтүн боюнча жеткирүү үчүн жан дили менен болгон аракетин жумшаган бир гана адамды көрдүк. Ал ошол сөөктү алгач таап алган да адам.

21 жаштагы Эрлан Кулетов табылганы эки ай мурда эле байкаганын айтат. Ошол учурда айланада кар болгондуктан, алгач ал сөөктүн чыгып калган бөлүгүн карга окшоштурган экен. Кийин жер бетинен кар кеткен соң эшилген кум, топуракта чыгып турган сөөк ага алыстан эле көрүнгөн. Эрлан агасы Эрмек менен бирге анын жанына барып көрүшкөндө, ал сөөк экени деле даана билинген эмес. Көбүрөөк борго окшошкон.

Бирок, ага болгон кызыгуу артып, дагы жакшылап ачып көрүүнү ойлогон бир туугандар эртеси күрөк көтөрүп айылдан 3 чакырым алыстыктагы суунун жээгине жөнөйт. Агасы экөө түшүнүксүз ак нерсени ачканда, ал сөөк экени билинип, ал тургай пилдин мүйүзүнө окшогон эки сөөк, эки тиши жана баш сөөгүнүн чети чыкканда, бул бир кызыктуу табылга экенине ынанышып, казууну токтотушкан. Бир туугандар кимге кайрылууну билбей, интернеттен “Кыргызстандагы археолог”деп издесе, Аскар деген адам чыгат. Алар интернет аркылуу анын телефонун таап, байланышкан экен. Андан пайда болбогон соң гана маалымат каражаттарына билдиришет.

“Бул сөөк 10-мартта табылган. Мен аны таап алгандан бери кайтарып ушул жерде караңгы киргенче жүрүп жаттым. Бир жолу түш маалда тамактанганы эки саатка кетип калсам, бул жакка балык кармаганы келген айылдаштарыбыз сөөктү көрүп, тиштерин көтөрүп кетиптир. Тиштерди милиция кызматкерлери таап келишти. Ошондон кийин гана табылга кайтарыла баштады. Учурда участкалык милиция кызматкерибизге эле оорчулук түшүп калууда. Аны жалгыз калбасын деп жанында болуп жатам. Бул чын эле мамонттун сөөгү болсо, кандай сонун маалымат болот эле”,-дейт ал мага күнгө күйүп калган жүзүндө жылмаюу пайда болуп.  Эрлан мен кийин көлдүн тарыхчылары менен бирге ал жерге барганда да, ошол “жумушчу ордунда” болчу. Азыр дагы археологдун жанында жүрөт. Тарыхка, табылгага аяр мамиле жасап, ал үчүн тынчсызданып жүргөн элет жигитинин тилеги орундалып, бул сөөк чын эле мамонттун сөөгү болуп калса, ыйык көлүбүздө тарыхта жүз миң жылдан ашык жылдар мурда жашаган жандыктын ушу чөлкөмгө кандайча келип калганы далилденет эле. Айыл тургундарынын айтымында, 1960-жылдарда дал ушул чөлкөмдөн динозаврдын сөөгү да табылган.

Ысык-Көлдүн губернатору Аскат Акибаев мамонттун сөөгүн тапкандарды акыркы үлгүдөгү телефон жана ардак грамота менен сыйлады.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: