Мамлекеттин, элдин алдындагы күнөөсүн Текебаев качан сезет?

24.10.2017 | Саясат

           8C1C79568A65207D663F7AF93C24EB185306DC9E6DCC2FCF19-pimgpsh_fullsize_distr

2010-жылдагы апрель революциясында патриот азаматтар канкор Бакиевдин режимине каршы чыгып, канын суудай агызкандарына карабай, жаңы бийликтин келишин камсыздашса, ошол жаңы бийлик менен кошо келген «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаев Бакиевдерден калган мүлктөрдү талап-тоноо, сатуу аркылуу байып алууну көздөп жүргөнү ачыкка чыккан.

Анын мародерчулугун мындай кое туралы дагы, эки инстанциядагы соттун чечими менен күнөөсү далилденген «Альфа Телеком» ЖАКсын россиялык ишкерге алып берүүнү убада кылып, 1 миллион доллар пара алганын айталы. Анын бул кылмышын күбөлөр да тастыктады.

Бирок, «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» демекчи, Текебаев мырза күнөөсүн моюнга алгысы келбей, өзүнө карата ачылган кылмыш ишин саясый куугунтук катары көрсөтүүгө бар аракетин жумшап келет. Буга чейин бул кылмыш иши боюнча адегенде Биринчи Май райондук соту Ө. Текебаев менен Д. Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин анын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул инстанциядагы сот да биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Эми алар Жогорку Сотко кайрылышканы маалым болду.

Бул Текебаевдин жазадан кутулууга багытталган акыркы аракети болуп саналат. Эгерде Жогорку Сот да ага чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырса, анда Текебаев 8 жылдык мөөнөтүн толугу менен аяктап чыгышы керек. Ачыгын айтканда элдин деле күткөнү ошол. Коррупционер, паракорлордун орду жогорку мамлекеттик кызматтарда, парламентте эмес, түрмөдө болушу керек.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: