Мамлекеттик коопсуздугун сактоодо УКМКнын иши алгылыктуу болууда

13.10.2017 | Коом

1035717113

Эгерде Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч келтирген ар кандай аракеттерди алдын албаганда эмдигиче өлкөбүздө бир топ оор окуялар болуп кетмек. Буга чейин да атайын кызмат бир нече терракттардын алдын алган болчу.

УКМКнын берген акыркы маалыматтарына караганда жакында эле эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген дагы бир жаран кармалды.

Атайын кызматтын маалымат кызматы бүгүн тараткан кабарда «Кыргызстандагы абалды курчутууга, террордук актыларды даярдоо жана жасоо максатында Сирияда чагымчыл топтор бөлүгүнүн катарынан келген, Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды» деп айтылат. Ал кылмышка шектүү жаран 37 жашта экен жана 2015-жылы «Ахрар аш-Шам» эл аралык террордук уюмга мүчө болуп кирип, Сириядагы согушка да катышкан. Ал Сирияда жүргөндө жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп, аларга «жихадчылык» боюнча сабак өтүп турган. Ошентип ал жакында эле өлкөбүзгө эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен теракттарды уюштуруу максатында келген экен.

Сурак маалында да ал өзүнүн ушундай максатта келгенин, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү экенин мойнуна алганы да айтылууда. Эгерде мына ушуга окшогон коркунучтуу аракеттерди атайын кызмат алдын албаганда өлкөбүздүн коопсуздугуна чоң коркунуч туулмак.

Мындан сырткары өлкөбүздө бийликти басып алууну пландаган күчтөрдүн да иш-аракеттери ачыкка чыгууда. Мунун баары жалпы кыргызстандыктардын бакубат жашоосу, тынчтыгы үчүн жасалып атканын эсибизден чыгарбашыбыз керек.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: