Мамлекеттик ипотеканын үстөгү төмөндөдү

28.09.2017 | Саясат

 

House owner/real estate agent giving away the keys - house out of focus

Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы төмөндөдү. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-октябрдан тарта ал 8 пайыздык үстөк менен бериле баштайт.

Өкмөт «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын кабыл алган.

Биринчи насыялар алгачкы төлөмүнүн суммасына жараша 12-14% менен берилип, кийин 10-12% болгон.

Мындай насыя алыш үчүн жаран мамлекеттик органда иштеп, алгач сатып ала турган турак жайдын баасынын 30% төлөөгө милдеттүү.

Учурда мамлекеттик ипотеканы мекемелерде иштебеген жарандардын алуусуна да уруксат берүү жагы каралып, бул маселени мекеме аралык топ талкуулап жатат.

Ипотекалык насыя бериле баштаган 2016-жылдын март айынан бери бүгүнкүгө карата 1812 жаран 2 млрд 182 млн сомго каржыланганын “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик ипотека компаниясынын маалымат катчысы Зирек Асанова билдирди.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында ипотекалык насыя 18-22% үстөк менен берилет.

 

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: