Мамлекеттик аппарат Бабановдун жеке кызыкчылыгы үчүн гана реформаланышы мүмкүн

19.09.2017 | Саясат

pic_1358294729

Тилде сөөк жок экендигин “Республика” партиясынан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бул күндөрү колунан келишинче далилдеп жатат. Буудай кууруган тилинен чаң чыгат го чиркин! Кулак төшөсөңөр ал мамлекеттик аппаратта ири масштабда реформа жүргүзөм деп убада кылууда. Бул максаты канчалык ишке ашат деп ойлойсуңар? Анткени, Бабановдун реформаторлук жөндөмүн ал вице-премьер-министр, андан соң Премьер-министр болуп турганда көргөнбүз.

2012-жылдын август айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ГСБЭП) ишмердигинде бир катар тартип бузуулар орун алгандыгы анык болду. Тактап айтканда, бул кызмат түзүлгөнгө чейин иштеп турган Финансы полициясы (ГСФП) мыйзамсыз жоюлгандыгы, ГСБЭПке кызматкерлерди кабыл алуу боюнча комиссиянын түзүлүшү жана тандоо, ошондой эле финполициянын жоюу процедуралары мыйзамсыз болгондугу аныкталды.

Эске салсак,финансы полициясы өкмөттүн 2012-жылдын 15-мартындагы №175 токтому менен жоюлган. Бирок, “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын макулдугу менен гана кайра уюштурулары жана жоюларына Бабановдун өкмөтү таптакыр эле кол шилтеп койгондой туюлат.

Болбосо, өлкөбүздүн Юстиция министрлиги Өкмөткө караштуу Финансы полициясын жоюп, ордуна жаңы кызмат (ГСБЭП) түзүү мыйзамсыз деген корутунду чыгармак эмес. Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жанан кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине жөнөтүлгөн(№ 04-3/5069 /29.05.2012-ж.) бул корутундудаөкмөттүн курамын жана структурасын, ошондой эле программасын бекитүү Конституциянын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин милдетине гана кирет деп айтылат.Демек, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана сөз болуп жаткан токтомду даярдап бергендер өз кызмат укуктарын ашкере пайдаланып мыйзам эрежелерин бузууга жол беришкен.

Кандайдыр бир мекеме жогорку тараптын чечими менен жоюлганда, аргасыз ишсиз калган кызматкерлерге мыйзамга ылайык компенсациялар төлөнөрү белгилүү. Финансы полициясы жоюлганда мындай төлөмдөр адегенде 30 миллион сом болот деп эсептелген. Бирок, бул сумма 85 миллион сомго чейин өсүп кеткен. Күтүлбөгөн чыгымдарды кыскартуу максатында өкмөт төлөмдөр эмгек стажысы 10 жылдан жогоркуларга гана берилет деген мыйзамга каршы эреже киргизет. Натыйжада финансы полициясында иштегендердин мыйзамдуу укуктары бузулат. Анткени, аргасыз төлөмдөр бул кызматта 5 жылдан кем иштебегендерге берилери 2011-жылдын 25-мартында бекитилген №116-жобосунда ак кара менен бажырайта жазылып турат.

Ошентип, финансы полиция кызматын жоюу жөнүндө өкмөттүн мыйзамсыз чечими мамлекетке жок жерден эле 80 миллион сом чыгым алып келген. Эгерде финансы полициясын өзгөртүп кайра түзүү мыйзамга ылайык жүргүзүлгөндө, иштен бошотулган кызматкерлерге 30-33 миллион сом гана төлөнмөк. Мында мамлекетке келтирилген зыян 50 миллион сомго жеткендигин эсептей коюу кыйын деле эмес. Бул кесепеттүү чечимдин айынан тергөө өндүрүшүндөгү 600дөн ашык кылмыш иштери токтоп калган.2011-жылы финасы полициясы уурдалган 600 миллион сомду бюджетке кайтарууга жетишкендигин эске сала кетели.

Бирок, ушундай жагдайга карабастан кызмат абалын пайдаланган Өмүрбек Бабанов өз максаты үчүн мамлекеттик жана менчик структураларга жакын байланыштагы адамдарды ишке дайындоого аракет жасоосун уланткан. Маселен маалыматтарга таянсак, ал Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басарлыгына 1977-жылы туулган Надырбаев Нурлан Маматкасымович деген адамды кудалаган. Бабановдун команда мүчөсү эсептелген Надырбаев мурда “Восточная страховая перестраховочная компаниясында” башкы директордун биринчи орун басары кызматын аркалап, ал жерде колунан иш келбеген адис катары таанылган.

Мындан тышкары, 2011-жылдын 22-августундагы “Кыргыз Республикасындагы министрликтердин, административдик мекемелердин жана башка мамлекеттик органдардын штаттык курамынын саны жөнүндөгү” Өкмөттүн №473 токтомунда 100 кишиге чейин иштеген мамлекеттик кызматтарда жетекчинин орун басары кызматы каралбайт (Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын штаты 64 адам) деп жазылган.Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматына өз адамын киргизүү менен Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү бардык ири камсыздандыруу компанияларында, акционердик коомдордо, оюн-зоок бизнесинде, ошондой эле республиканын баалуу кагаздар рыногунда өз кызыкчылыктарын көзөмөлдөп турууну максат кылган десек болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: