Мамбет Мамакеев: Элиңерге тагдырлаш болгула

16.03.2016 | Аналитика

Мамбет МамакеевБилгенден республикада бир аз аксакалдардан кийин эле жаш боюнча менмин. Буюрса, быйыл биринчи октябрда 90 жашка чыкканы турам. Менден улуу академик эжебиз Какиш Рыскулова 98 жашта. Кудай сактасын, ден соолугу түзүк. Жакында эле Улуттук илимдер академиясында өзүбүздүн бөлүмдүн жылдык отчету болду. Ошондо эжебиз койкоюп, аягына чейин отурду. Бул эле жолу эмес, жакшылык тойлордо, айрыкча академиктердин юбилейлеринде башынан аягына чейин, абдан шайыр, күлүп-жайнап, тамашалашып жакшы отурат. Менимче, ден соолугунда өзгөрүү жок, карыганда келчү унутуу-алжуу (склероз) жок. Эжеге ушул калыбында жүрүп, узун өмүр сүрүүсүн каалайбыз. Аялдардан жаш боюнча рекорд койсо дейбиз.

Экинчи — профессор агабыз Кыдык Сулайманов Турдакун Усубалиев экөө тең эле. Азыр 97 жашка чыкты. Бул ага менен ар дайым жамандык-жакшылыкта чогуу кездешип, жакшы маектешебиз. Өзү тарыхчы, аны мыкты билет, өтө сөзмөр,  билимдүү агаларыбыздын бири. Менин байкашымда баскан-турганы, көз, кулак, мээси, заара кылганы кадимкидей. Бу кишиде дагы алжуу деген белги жок. Кыдык абага дагы чың ден соолук каалайм, бу киши дагы жаш боюнча рекорд койсо дейм.

Үчүнчүсү — акын, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев. Бул киши дагы 95 жашта. Бул адамдын дагы маданият тармагында эмгеги өтө зор. Бу кишинин ырлары өтө маанилүү, ушу күнгө чейин эл оозунан түшпөй келе жатат. Бу киши дагы эми жаш келгенде кандай организм болбосун, карылыкка моюн сунат экен. Сүйүнбай ава дагы буту-бели ооруп жакшы басалбай калды дейт. Акылы тунук, кадимкидей экен.

Төртүнчүсү- мен  абдан сыйлаган, урматтаган абам Корчубек Акназаров. Бул киши азыр 94 жашта. Аны тааныбыган кыргыз жок болсо керек. Кыргыз элине ушунчалык эмгеги сиңген, адамгерчилиги, ишмерлиги, жөнөкөйлүгү менен Союз убагында эмгектин Баатыры болгон. Табийгаттын буйругу, тарлыгы, кийинчэрээк эки көзү көрбөй калды. Көзүнөн башкасы менин байкашымда бардык органдары жайында. Бул кишиде да алжуу дегендин жыты да жок. Абама да улукман аке катарында каалап кетерим, узун өмүр берсин. Балдары абдан жакшы карап багып жатат. Бул киши дагы жаш боюнча рекорд койсо дейм.

Мына ушулардан кийин артында келе жаткан мен экем. Мен доктур катарында чындап тамаша аралаштырып айтып жүрбөймүмбү. Адам жашка тойбойт. Өз каалоосу менен, мен карыдым, алжыдым, көп органдарым иштен чыкты, эми өлөйүн деген адам болбойт. Ооруган адамдардын арасынан тим кой, өлөйүн деген адамды 64 жылдык доктурлук ишимде уга да, көрө да элекмин. Ошол үчүн жан таттуу дегенге ишенсеңер болот.

Эми гезит жөнүндө. Азыр гезиттен көп нерсе жок. Ар түрдүү, ар сапаттуу, ар кандай билимдүү, билимсиз журналисттер иштейт, ошого карабай ар бирин окуп отуруп, ар бир окуучу өзүнө жакканын тандап алып, ошого көп көңүл буруп, калтырбай окуп жүрөбүз.

Эми жаңы гезит «Багытты» калтырбай окуй баштадым. Буга чейин төрт номуру чыкты. Башынан аягына чейин окуп чыгып, мага жакканы — макалалардын баары чындык, сөздөрүнүн мааниси өтө терең, жакшы гезит болуп чыгыптыр. Анткени, жакшы журналисттер чогулган экен. Башкы редактору Айбек Шамшыкеев да түз жүргөн, түз сүйлөгөн, адамга кылган мамилеси жакшы жана өзүнүн журналисттик ишин  мыкты билген, өсүп-өнүп келе жаткан таланттуу балдарыбыздын бири деп эсептейм. Бул гезит аз өтсө эл арасында, анын окурмандарынын арасында көрүнүктүү орунду ээлейт  деп ишенем. Гезиттин жалпы коллективине аксакал, улукман аке, догдур катарында  кааларым, биринчиден, чың ден соолук. Ден соолукту түшүнгөн кишиге адамда болгон баа жеткис байлык да. Ден соолугуң болбосо, жазуучу, министр, президент, депутат деген иш да,  миллиондогон байлыгың да бир тыйынга татыксыз болуп калаарын эч бир жан унутпашы керек. Муну мен күнүгө өзүмдүн  кесибиме карата байланыштырып айтып жатам. Кудай ач көздүктөн сактасын. Менден сурап калышат:«Качан адамдардын көзү тоет?» — деп. Мен  айтам: «Адамдын көзү өлгөндөн кийин 3-чү күндөн кийин тоет. Анткени, үч күндөн кийин өлгөндүн көзү соолуйт. Ошондо гана тоет» — деп, Андыктан адам тойбочу нерсеге-байлыкка кызыкпагыла дегенден көп айтам.

Силер, «багытчылар», ачык чындыкты жазып жатасыңар. Биз да көрүп-билип жатабыз, кыргызың аябай эле жутунуп калды. Эмне, жыйнаганын көрүнө ала жатабы?! Жок, анысы талаада калат сыяктуу болот. Ошондон кеңири жазгыла. Элиңердин Улуу жолу бар, ошондон жазгыла, элиңердин салттуу жолу бар, ошондон жазгыла. Элиңер ыйык, ыймандуу эл, ошону жазгыла. Бей-бечараларга жардамдашалы дегенди какшап туруп жазгыла!

Дагы бир каалоо- ден соолуктун маанисин жакшы билсеңер. Бирок, ден соолук жөнүндө гезиттерде кабар өтө эле аз, жокко эсе. Кээ бир оорулуулар ушу күнгө чейин, оорусунун маанисин түшүнбөй, өтө кечигип келип, өзү дагы кыйналып, бизди дагы кыйнап жатат. Менимче, азыр кыргыз доктурлар көп, кыргызча жаза билишет, ушуларга оорунун түрлөрүн жазгыла деп тапшырма берип, булардын макалаларын жазып, силер чыгарып турсаңар, менимче элге чоң жардам болор эле.

Акырында  кайталап айтарым, «Багыт» газетасына, анын жамаатына чың ден соолук, гезитиңерде чындык жана сөздүн мааниси кашкайып көрүнүп турсун. Кээде мен таңкалам, силерде, жалпы эле журналисттерде таланттуу балдар-кыздар буюрса, аз эмес. Окуп отуруп таңкалам, кубанам, күлөм, сүйүнөм, ушундай өмүрүмдө укпаган, окубаган, бир укмуштай сөздөрдү, маанилерди  таап  жазасыңар. Ичимден ойлоп калам, таланттуу, өтө кыйын тапан бала болсо керек  деп. Тапан бала, адам, келесоолордон кезикпейт. Өмүрүңөр узун болсун!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: