Майда, бирок маанилүү кеңештер

жуурулган камыр

Токоч нандарды жана пирог жасоо үчүн даярдалган камырга картошка крахмалын кошуп койсоңуз – алар эки-үч күнгө чейин жумшак бойдон тура  берет. Таттуу май токоч менен пирожки жасайм десеңиз унду алгач электен өткөрүп алыш керек. Ошондо ун аба менен дем алат да, жасаган токочуңуз жумшак жана даамдуу болот. Камырга сүттөн тышкары жарым стакан минералдык суу кошуп койсо да токоч жумшак болот. Камыр жасап жаткан бөлмөгө шамал кирбеши керек, ал камырды катырып коёт. Камырга керектүү нерселердин баары жылуу болушу керек, муздак сүт ж.б. камырдын ачып чыгышын кечеңдетет. Камыр жасап жатканда колуңуз кургак болушу керек. Даяр болгон пирогду духовкага салардын алдында 15-20 мүнөт тыныктырып коюу зарыл. Ошондо ал тез бышат. Ортосуна эт, мөмө кошуп бышырылган пирогду жайыраак ысыган духовкада бышырат, ошондо ал кошулмасы кургап кетпей жакшы бышат.

* * *

Сүткө жуурулган ундан бышырылган пирогдор жумшак жана кызыл болуп бышат. Камыр жасоого керектүү ачыткы жаңы болуп, спирт жыттанып турса камыр жакшы ачыйт.

* * *

Камырга шекер көбүрөөк кошулуп калса пирог тез кызарып чыгып ичи жакшы бышпай калат. Камыр да тез көөп чыкпайт. Камырга кошулуучу майлар камыр ийленип бүтөрдө кошулса камыр тез көөп чыгат.

* * *

Даяр пирогду духовкага салар алдында беттерин жумуртканын сарысы менен сүртүп койсо, ал жалтырап кыпкызыл болуп бышат.

* * *

Жука камырды үбөлүктү таза кол аарчы менен ороп алып жайса жеңил жайылат. Камырга тузду ачыткы көөп чыкканда, эң акырында кошуу керек.

Аида Мусаева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: