Мадумаров өзүнүн тили көчө шыпырган шыпыргыга айланып калганын качан түшүнөт?

14.02.2018 | Саясат

       21007

Тынымсыз сүйлөй бергенден олуттуу иш жасалып калбай турганын Адахан Мадумаров өзү деле түшүнө тургандай болуп калды. Бирок, тилекке каршы ага азырынча анын баамы жетпей туру окшойт. Сөз эркиндиги тууралуу, саясый куугунтук тууралуу, тазалык, акыйкаттык тууралуу сүйлөй берип, бул сөздөрүн ашмалтайын да чыгарды. Ушул сөздөрдү сүйлөп атып, эмнегедир өзүнүн өткөнүн, мурда бийликте турганда кандайча сүйлөп келгенин деги эле эсине алгысы келбейт. Анда эмесе, биз бул ирет Мадумаровдун азыркы учурда сүйлөп аткандарына таптакыр коошпогон мурдагы сөздөрүн «эфирге» чыгаралы.

Канкор Курманбек Бакиевдин маалында сөз эркиндиги кыл жип менен муунтулганын абдан жакшы билебиз. Канкор режимдин туура эмес иш-аракеттерин сынга алган журналисттер катуу куугунтуктарга кабылып, алтургай айрымдары өмүрлөрү менен кош айтышкан.

Алсак, 2007-жылдын октябрында Ошто белгилүү журналист Алишер Саипов окко учкан. Ошондо Бакиевдин режиминин «камчысын чаап» жүргөн Мадумаров эмне дегенин али унута элекпиз.  «Журналисттерди Россияда да, Казакстанда да, Өзбекстанда да өлтүрүп атышат, бирок бир гана Кыргызстанда буга аянычтуу карашат. Журналистти өлтүрүп коюптур, эмне болуптур? Депутаттарды, саясатчыларды да атып атат, анан журналисттер гана өздөрү ушундай ызы-чууну жаратышат”, – деген ошондо азыр сөз эркиндигине күйүп-бышып аткан Адахан мырза.

Демек, ошол заманда Мадумаров үчүн журналистти өлтүрүп коюу, чымын өлтүрүп коюу менен эле бирдей көрүнүш болгонун түшүнөбүз. Бакиевдик режимден журналист Геннадий Павлюк да өмүрү менен кош айтышкан. Сыргак Абдылдаев 16 жеринен бычак жеп, араң аман калган. Чолпон Орозобекова сыяктуу бир катар журналисттер чет мамлекеттерден башпаанек алууга аргасыз болушкан. Ошол убакта сөз эркиндигин ойлонуп да койбогон Мадумаров бүгүн минтип сөз эркиндиги тууралуу сүйлөп калганына тан берсек гана болот.

 

Жаныш Бакиевге болгон сүйүүсү же тилди кызыкчылыкка пайдалануу

Адахан мырзанын тили кошоматка «кой союу» жагынан да алдына башкаларды салбайт. Андай убакытта анын көзүнө баары шайма-шай көрүнүп, бактарда булбул сайрап, кой үстүнө торгой жумурткалап калат. К. Бакиевдин маалында үлкөн кызматтарда жакшы эле күпүлдөп жүрдү. Анан биз баягы элдин кызыкчылыгын ойлогон, «элим семирбесе, мен таптакыр семирбейм» деген «жөө чечендин» азыраак курсак байлап калганын байкадык. Алтургай карапайым адамдарды кагып-силкип сүйлөп калган.

Ал эми Жаныш Бакиевдин жанында бийлеп жибергиси келчү (Эгерде кыз болсо ошентмек). Ага болгон сүйүүсүн билдириш үчүн бут алдына узунунан төшөлө турган килем болууга да даяр эле. Ж. Бакиевдин 50 жылдык юбилейинде мындай сапаты бардыгын жакшылап көрсөткөн. Ал юбилейди «Жылдын ыры» (Песня года) программасынын белгилүү алып баруучусу Е. Меньшов алып барган. Ошондо Мадумаровдун сүйлөп турган жери:

– Менин оюмча, Евгений Меньшов кайда болсо, ал жакта «Жылдын ыры» уланат. Улуу эпопея, улуу тарых, улуу советтик маданият – бүгүн бардыгы Жаныш Салиевичке арналат! Бул – өтө чоң байлык! Мен сизге суктанып турам. Кимдин туулган күнүндө, юбилейинде Советтер Союзунун «Жылдын ыры» болду эле? Бул демек — бардык ошол улуу тарых бүгүнкү юбиляр Жаныш Салиевичке арналып атканын түшүндүрөт. Бул сиздин чексиз бай, бактылуу адам экениңизди билдирет».hqdefault

Ошентип Жаныш Бакиевге суктанып да, сүйүүсүн да айтып болгон Адахан мырза анын башына кызыл суусардын терисинен тигилген тебетейди кийгизип, улуттук чапанды жаап, анан колуна камчы карматып: «Сиз бул камчыны колдонгон сайын мурдагыдай эле ийгиликтерди алып келип турсун… Эмне жөнүндө айтып жатам, сиз жакшы түшүндүңүз, – деп аягын табышмактанткан.

Ошентип ал канкор режимге кошомат кылып, алардын кетирип аткан катачылыктарын таптакыр айтпай жүрүп, аягы эмне болгонун жакшы билебиз. Алтургай ал 2005-жылы вице-премьерлик кызматта турганда россиялык журналисттердин бирине маек куруп жатып, эч кандай диктатура болбой тургандыгын айткан.

«Күтпөңүздөр! Диктатура болбойт! Эмнегедир түштүктүктөр буга жакыныраак деген ой бар. Түштүктүк-диктатор өзүнүн элин Аксыда атты беле? Муну түндүктүк-демократ Акаев жасаган. А Бакиев диктатурага жакын жолобойт», — деген ал.

Мына сага элдин ынтымагын ойлогон саясатчынын сөзү. Ал эмнеге түндүктүк, анан түштүктүк деген сөздөрдү баса белгилеп айткан? Ушуну да жалпы элдин кызыкчылыгын, биримдигин, ынтымагын ойлогон саясатчы сүйлөйбү?

  cvs-cialis-cost.

Жаңгак жыгачы жана Мадумаровдун мазагына кабылган мигранттар

Өткөн жылы болуп өткөн президенттик шайлоодон кийин жеңилүүгө дуушар болгон А. Мадумаров Россияны, Түркияны, Казакстанды кыдырып, ал жактагы мекендештерибиз менен жолугушуп, арыз-арманын айтып, бийликти сындап келгенин көрдүк. Эми мына ушул жерден Адахан мырзанын К. Бакиевдин маалында чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мигранттарды мазактап, аларды «жалкоо» атаганы эске келет. Ал кезде Мадумаров ЖК спикери болуп турган.

«Эгерде кыргызстандыктар толук түрдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздагысы келсе, бул алардын колунда. Мамлекетибизде 300 миң гектардын тегерегинде жер тилкеси пайдаланылбай турат, ошондой учурда жүздөгөн миң мекендештерибиздин Россия, Казакстанга акча табуу үчүн кетип калганы жалкоолук. Биздин сыртка чыгып кеткен жарандарыбызды кайра кайтып келүүгө чакырышыбыз керек, жер калып калбадыбы… «Айыл Банк» кредит берүүгө даяр, бирок эмнегедир кыргыздар аны албайт. Эмнеге? Себеби аларга Москвада шыпыргыны ары-бери жайкап жана өзүнүн ата-энесинен алыс, өз алдынча жүрүү жеңил», — деген болчу ал. Эми болсо бүгүн ошол эле мигранттарга барып, арыз-арманын айтып жүрөт.

Баса, ошол Жогорку Кеңештин спикери болуп турган кезинде ал өзүнүн кабинетин жаңгак жыгачы менен жасалгалайт элем деген аракети менен гана эсте калган. Андан башка олуттуу иш жасаган эмес. Тескерисинче Кыргызстандын жеринин кемишине салым кошкон. Ал жетектеп турган парламент Каркыранын казактарга кетишине жол ачып берген.

Бийликте туруп криминалдар менен мамиле кылуу жөндөмдүүлүгү

А. Мадумаров К. Бакиевдин доорунда криминалдар менен да байланышта болгонун тана албаса керек. Кыска гана айталы, ал 2005-жылы вице-премьер кезинде мамлекеттик бийликтин атынан кримавторитет, маркум Рыспек Акматбаевге сылыктык визитин жасаган. Эмнеге? Коркконунанбы же аны менен жеке кызыкчылыгы бар беле?

Кийин ал Мамкатчы болуп турган кезинде Р. Акматбаев атылып кеткенде анын туугандарын өзүнүн кабинетинде кабыл алган. Эми бүгүн криминалдардан коркпогон саясатчыдай күпүлдөп, башкаларды криминалдар менен байланышы бар деп сынга алып жүрөт.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: