Лондондо Султан Раевдин «Илегилек» спектаклинин премьерасы өттү

10.10.2017 | Коом, Маданият

22281726_2413235965569126_5468489382197365348_n

«Лондон шаарында драматург Султан Раевдин «Илегилек» спектаклинин премьерасы ийгиликтүү өттү. «Илегилек» спектали Лондондогу «Ачык Борбор Азия» аттуу 2- эл аралык искусство фестивалына катышкан. Биздин Лондондогу элчилигибиз бул фестивалдын уюштуруучуларынын бири катары аталган спектаклдин фестивалга катышуусуна жардам көрсөттү» — деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы Айымкан Кулукеева. Белгилей кетсек,  Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова баш болгон Тунгуч театрынын актерлору ойногон бул спектаклди Кыргызстанда да театр сүйүүчүлөрү өтө жакшы кабыл алышкан.

Т.С.

22366653_2413235992235790_6363208370703901848_n


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: