Леонид Маевский: “Өмүрбек Текебаев акчамды бербей, «өлкөдө мен кожоюнмун билгениңди кыл» деди”

29.06.2017 | Саясат

Maevskiy-000   

Россиялык ишкер Леонид Маевский “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун сот отурумунда көрсөтмө берүүдө.

Л.Маевский Текебаев менен Москвада да жолукканын билдирип, калган 700 миң долларды өз ишканасында катчысынын көзүнчө санап бергенин кошумчалады.  «Өмүрбек Текебаев сентябрь айында Москвага келди. Аны менен менин бөлмөмдө жолугушуп, ал акцияларды сатып алгандан кийин «Мегакомдун» 15 пайыз активин беришибиз керек экенин айтты. Бирок биз ага макул болгон жокпуз. Ал нааразы болуп кеткен. Кийин ал макулдашуу 700 миң доллар берген соң ишке ашат деди. Мен 700 миң доллар бергенге макул болдум. Текебаевдин атынан бир адам ишканама келип кассир, катчынын алдында акчаны санап алган. Өмүрбек Текебаев акчаны алганын телефон аркылуу сүйлөштүк. Бирок иш негедир кечигип жатты. Чалсам Текебаев да, Чотонов да саясий иштер менен алек экенин айтып сүйлөшүүгө убакыт болбой жатканын билдиришти», — деди Маевский.

Ошондой эле Маевский Текебаев 1 млн. долларды алгандан кийин убадасын аткарбай койгонун билдирип, аягында коркутканга чейин барганын айтты. «Мен убаданы аткарбай коюшканда «убаданы аткаргыла, бизнесте мындай учурлар болуп турат» деп айткам. Текебаев 600 миң доллар бар, ушуну алып тур деген. Москвага учуп кеттим, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз дедик. Текебаев өлкөдө жетекчилердин бири болгондуктан, саясий абал жакшы эмес болуп тургандыктан мен баары жайына түшсө ишке ашат деген ойдо кеткем. Кийин дагы Бишкекке келдим. Чоң бөлмөдөн жолугуштук. Ал жерге Абдрахманов кирип келди. Ал кирип келгенде Текебаев өзүн ишенимдүү сезип калды. Анан ал экөө кыргызча сүйлөшүштү. Кийин ал чыгып кетти. Текебаев менен акчаны кайтарып берүү маселесин сүйлөштүк. Бирок Текебаев «өлкөдө мен кожоюнмун, керек болсо Москвага кетериӊде сенин баштыгыӊа баӊгизат салдырып, сени Орусиянын мыйзамдары менен камакка отургузуп коём. Акчаңды бербейм, билгениңди кыл» деп койду», — деди Маевский


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: